gram news
Аватар канала isamdagyjashoo

isamdagyjashoo

@isamdagyjashoo

Мээримдүү Аллахтын аты менен баштаймын. "Жараткан эгеңдин аты менен оку.! " Максатыбыз Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллаху алейхи васаллам дын жолун жолдоп, жакшылыкка чакыруу, жамандыктан кайтаруу. Сунуштар болсо @murzakan_uulu бул жака кайрылыныздар.

ПроектыKKРелигия

2,700подписчиков

Открыть канал

Последние посты

  • isamdagyjashoo

    4 сент., 14:57изменён

    " Адал Сүйүү " ​Адал сүйүү — ак нике менен, Ага чейин кол кармашуу — харам, деген. Азыркы ушул мезгил, ушул убак, Кол кармашуу, бирге жүрүү, жолугушуу Жаштарда көнүмүш адат экен.​Аллах Таала Куранда айтканы бар, Исра сүрөсү, 32-аятта: "Зынага жакындабагыла! Зынаа — бул эң ыпылас, жаман нерсе." Жакшым, бул аятты жакшы эсиңе сал!​Эскертүү мусулманга пайда берет. Мен айтпасам, менден өжөр айтса керек. Зынаа — бул карыз, бир тууганым! Ишиң бүтүп, эң тазасын алсаң дагы, Кайтар өмүр — уул-кыздарың, унутпагын!​Ушул сапта бир нерсени эске салам,
  • isamdagyjashoo

    3 сент., 12:58

    Дуйнөдө бардык нерсенин бүтө турган аягы бар. Эртеби-кечпи, бардык нерсе аягына чыгат. Сабырдын аягы бар. Адам ресурстарынын аягы бар. Суктандыруунун аягы бар. Азап менен сыноонун дагы аягы бар. Ар нерсенин аяктоочу күнү бар... Эгерде элдер сени көп жолу кечирип келген болсо,кечиримдин да аягы бар. Эгерде сени көп жолу куткарып келишкен болсо, анын да аягы келиши мүмкүн. Эгер сени катуу сүйүп келишкен болсо, анын дагы чеги болот... Дүйнөдөгү бардык нерсенин логикалык аягы бар. Бирок биздин жан өлбөс сезилет ! Дене эмес, Жан дүйнө аягына чыгып, түгөнүп калбайт. Андыктан жан Жаратуучусун таанымайынча тынчтык таба албайт...
  • isamdagyjashoo

    2 сент., 15:30

    Кимди тандайм дейсизби? «Колуна шакек тагып, нике кылып алып кетмейинче , колумдун учун да тийгизбейм», дегенди танданыз…
  • isamdagyjashoo

    31 авг., 17:29

    Эки дүйнө бактылуулук жолу бул динде!📜 Имам Газали айтат: «Ар бир күн өткөн сайын өмүрү кыскарып жатса да, мал-мүлкү көбөйгөнүнө сүйүнгөн акмактардай болбо. Мал көбөйөт, бирок өмүр азаят — мында кандай жакшылык бар? Илим менен амалдан башка нерсеге кубанба.»
  • isamdagyjashoo

    27 авг., 13:43

  • isamdagyjashoo

    25 авг., 17:23

    Адам гүл сыяктуу. Алладан алыстаган кезде руху солуп баштайт...🍂
  • isamdagyjashoo

    25 авг., 04:24

    Биз жаман көргөнүбүз үчүн эмес, жаныбыз күйгөн үчүн алыстайбыз. Бул алыстоо баш тартуу эмес, обочолонуу. Эч бир киши жараатын башкаларга көрсөткүсү келбейт. Эч бир жан өзүнүн алсыздыгын эстегиси келбейт. Ага артынан бычак сайган кол, ал өөп жүргөн кол эле. Аны ыйлаткан көз, ал ыйлаткысы келбеген көз эле. Биз өзүбүздө калган нерсени сактап калуу үчүн алардан алыстайбыз. Жараатарыбызды аяй караган көздөрдөн жашыруу үчүн алыстайбыз. Кээ бир достукту алыстабай туруп сактоого болбойт!
  • isamdagyjashoo

    21 авг., 12:46изменён

    Сүйүү деген көрүнгөн жерде, көрүнгөнгө айта берчү сөз эмес. Сүйүү үчүн өлүп калуу кыйын эмес, өлүмгө татыктуу сүйүүнү табуу кыйын. Айтылган каармандарыбыз ошол өлүмгө арзый турган сүйүүлөрүн сабырдуулук, туруктуулук менен талыкпай издөөнүн артында табышкан. «Бакыт бул – сүйгөнүңө жетүү эмес, жеткениңди сүйүү.» Бирок, сүйгөнүнө жетип, ошону сүйүүсүн күн сайын күчөтүп, сүйүүсү үчүн кам көрүп, күрөшүп жашоо андан да чоң бакыт чыгар. Сүйүү деген таза аруу нерсе, аны булгабай сактап калуу абзел. Сүйүүнү эмне экенин баары эле билет, бирок аны сактап калууну көбү билишпейт. Айтор сүйүү жөнүндө акындар керемет ырларды, жазуучулар сүйүүнү даңазалаган чыгармаларды жазып калтырышкан. Эң башкысы бир нерсени жазып койбосок болбос, сүйүүнүн чыныгысы, эң бийиги, түбөлүктүүсү Ислам дининде. Биз айтып жаткан туюгуларыбыз дал ошол түбөлүктүү, чыныгы сүйүүнүн жолун көрсөткөн, делеге нукура, туура жашоонун
  • isamdagyjashoo

    21 авг., 09:37изменён

    «Аманат кылып алган жарыңдын, коркунучу эмес коргоочусу бол!»
  • isamdagyjashoo

    21 авг., 04:37

    Бүгүн убакыт жок. Эртең күчүң жок. Кийинки күнү өзүңүз жок!Намазга бекем болуңуз…🤍
  • isamdagyjashoo

    19 авг., 13:24изменён

    Пайгамбарыбыз ﷺ буттары шишип кеткенче ибадат кылчу, Ал эми үммөтүбүз көздөрү шишип кеткенче укташат...
  • isamdagyjashoo

    18 авг., 15:04

  • isamdagyjashoo

    13 авг., 06:15

    Эгер Аллах Таала сени Өзүнүн динине кызмат кылууга тандаган болсо, сен канчалык алыстаганга аракет кылба — кайра ошол жолго кайтып келесиң. Анткени бул жолго сени өзүңдүн күчүң эмес, Аллахтын Өзү жетелеп жатат.Ал эми Аллах Таала кимге дин жолун насип кылбаса, анын алдында бардык мүмкүнчүлүктөр турган күндө да, жүрөгү бул жолго бурулбай калышы мүмкүн.Ошондуктан дин жолунда жүргөнүбүзгө эч качан өзүбүздү татыктуу деп эсептебей, тескерисинче, «Эй Аллах, мени ушул жолдон ажыратпа жана акыркы демиме чейин Өзүңдүн диниңде бекем кыл» деп дуба кылалы. 🤲🏻Анткени дин — жөн гана тандоо эмес, Аллахтын пендесине берген эң чоң белектеринин бири. 🤍
  • isamdagyjashoo

    9 авг., 07:20

    Жүрөктөрдүн тынчтыгы жайгашкан жер✨
  • isamdagyjashoo

    30 июл., 14:33

    Такыбалык деген эмне ? Аллахтын буйруганын аткарып, тыйганынан тыйылуу - такыбалык. — Имам Наваи
  • isamdagyjashoo

    26 июл., 16:55

    Куйкалаган кундун ысыгына карабай, Аллахтын өкүмүн аткарып, жоолугун сыймыктануу менен салынып жургон эже синдилерим..Аллахым баарыныздардан эки дүйнө ыраазы болсун жана жоолугубузду акыркы дем чыкканча түбөлүктүү кылсын 💗
    4601521Открыть в Telegram
  • isamdagyjashoo

    26 июл., 16:40

    Аллах такыба, таза, бир сырдуу адамды жакшы көрөт!​Ар бир жасаган ишиңди жарыялоонун кажети жок. Аны жазып турган периштелер бар. Аллах ыраазы боло турган амал жашыруун, купуя кылынган ибадат. Изги адамдар жакшылыктарын күнөөлөрүн жашыргандай жашырат. ​Аллах Куранда бизге 25 пайгамбардын атын айткан. Жүз миңдеген пайгамбарлардын атын айткан эмес. Бирок алар пайгамбар болуп кала берет. Атың аталбай калса да, таарынба. Аллах баарын билет.
  • isamdagyjashoo

    24 июл., 05:50

    عَنْ أَبِي نَضْرَةَ، قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ ﷺ:«يَا أَيُّهَا النَّاسُ، أَلَا إِنَّ رَبَّكُمْ وَاحِدٌ، وَإِنَّ أَبَاكُمْ وَاحِدٌ، أَلَا لَا فَضْلَ لِعَرَبِيٍّ عَلَى عَجَمِيٍّ، وَلَا لِعَجَمِيٍّ عَلَى عَرَبِيٍّ، وَلَا لِأَحْمَرَ عَلَى أَسْوَدَ، وَلَا لِأَسْوَدَ عَلَى أَحْمَرَ، إِلَّا بِالتَّقْوَى. أَبَلَّغْتُ؟» قَالُوا: بَلَى، بَلَّغَ رَسُولُ اللَّهِ ﷺ. «Эй адамдар! Чындыгында Раббиңер бир, атаңар да бир. Арабдын араб эместен артыкчылыгы жок, араб эместин арабдан артыкчылыгы жок. Ак адамдын карадан, кара адамдын актан артыкчылыгы жок. Артыкчылык такыбалык менен гана болот. Мен жеткирген болдумбу?» Алар: «Ооба, Аллахтын Элчиси ﷺ жеткирди», – дешкен.
  • isamdagyjashoo

    23 июл., 14:40

    Кечээ өттү, эртеңки күн болобу..? Жаштыгыңа таянба, карылар гана өлөбү ?
  • isamdagyjashoo

    23 июл., 07:50

    – Жакшы тарбия деген эмне ? – Эркиндигиң өз колуңда болсо да, чек ара эмне экенин билгениң.