gram news
Аватар канала Kloop кыргызча

Kloop кыргызча

@kloopkyrgyz

Кыргызстандын маанилүү жана кызыктуу жаңылыктары кыргыз тилинде. Сайт: https://ky.kloop.kg Фейсбук: https://www.facebook.com/KloopKyrgyz/ Инстаграм: https://instagram.com/kloopkyrgyz

ПроектыKK

684подписчиков

Открыть канал

Последние посты

  • Kloop кыргызча

    22 сент., 11:42

    Акыркы беш жылда Кыргызстанда футболдун башкы колдоочусу жана бул оюндун ашынган күйөрманы дагы Камчыбек Ташиев болду. УКМКнын экс-төрагасы балдарын испаниялык футбол мектептеринен окутуп, өзү Кыргыз футбол биримдигин башкарып келди. Жакын чөйрөсүндөгү адамдар болсо футбол клубдарын жетектеп, «Барса» акамдемиясын жана Бишкектеги «Барселона» турак-жай комплексин куруп жатышат. Бирок ал УКМК төрагасы кызматынан отставкага кеткенден кийин, Кыргыз футбол биримдигин да тапшырууга аргасыз болду. Эми «Клооп» менен Temirov LIVE Ташиевдин жакындары футбол бизнесиндеги үлүшүн президенттин чөйрөсүндөгү адамдарга өткөрүп бергенин аныктады.
  • Kloop кыргызча

    22 сент., 11:40изменён

    https://storage.googleapis.com/qurium/ky.kloop.asia/2026-09-22-tashiev-futboldu-koldon-chygaruuda-barsa-akademiya-menen-barselona-kompleksindegi-l-sht-tumanbaevdin-kishisi-eeledi.htmlАкыркы беш жылда Кыргызстанда футболдун башкы колдоочусу жана бул оюндун ашынган күйөрманы дагы Камчыбек Ташиев болду. УКМКнын экс-төрагасы балдарын испаниялык футбол мектептеринен окутуп, өзү Кыргыз футбол биримдигин башкарып келди. Жакын чөйрөсүндөгү адамдар болсо футбол клубдарын жетектеп, «Барса» акамдемиясын жана Бишкектеги «Барселона» турак-жай комплексин куруп жатышат. Бирок ал УКМК төрагасы кызматынан отставкага кеткенден кийин, Кыргыз футбол биримдигин да тапшырууга аргасыз болду. Эми «Клооп» менен Temirov LIVE Ташиевдин жакындары футбол бизнесиндеги үлүшүн президенттин чөйрөсүндөгү адамдарга өткөрүп бергенин аныктады.
    Клооп кыргызча | Кыргызстан жаңылыктарыТашиев футболду колдон чыгарууда. «Барса» академия менен «Барселона» комплексиндеги үлүштү Туманбаевдин кишиси ээледТуманбаев менен тыгыз байланышы бар Давид Камбаров «Жал Групп Азиянын» футболдук компаниясынын кожоюну гана эмес, жетекчиси дагы. 3-июнга чейин компанияны Ташиевдин досу Айбек Алыбаев башкарып келген.
  • Kloop кыргызча

    17 сент., 13:02

    Кыргызстан жылына жүз миллиондогон сомду окуу китептерин чыгарууга сарптайт, бирок мектептерде дагы деле жетишпейт. Ата-энелердин айтымында, китептин көбүн өздөрү сатып алышат. Бул китептер эркин сатыкта болбошу керек, бирок азыр базарда мектеп китептери жайнап турат жана бир китептин баасы 1000 сомго чейин жетет.
  • Kloop кыргызча

    16 сент., 14:02

    Мамлекет жыл сайын жүз миллиондогон сомду окуу китептерин басып чыгарууга сарптайт, бирок мектептерде дагы деле китеп жетишпейт. Ата-энелердин айтымында, алар окуу куралдарынын көп бөлүгүн өз чөнтөгүнөн сатып алышат. Бул китептер эркин сатыкта болбошу керек, бирок алар базарда жайнап турат жана баасы бир даанасы 1000 сомго чейин чыгат. Агартуу министрлиги укук коргоо органдарына кайрылып, окуу китептерин сатуу фактыларын териштирүүнү өтүндү.
  • Kloop кыргызча

    16 сент., 11:33

    Мамлекет УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиевге жакындыгы бар компанияга «натыйжасыз» 25 млн доллар кредит берген. Мындай билдирүүнү Эсеп палатасы айтып чыкты. Фирманын ээси Акылбек Маматов — анын үй-бүлөсү 10 жылдан бери күйүүчү май жеткирүүчү мамлекеттик тендерлерди утуп келет.
  • Kloop кыргызча

    14 сент., 14:43

    Борбор Азияда көптөгөн жылдар экономика жана логистика — бул Кытай, ал эми аймактагы саясий режимди Орусия камсыздайт деген түшүнүк бар болчу. Бирок азыр бул система бузула баштагандай.
  • Kloop кыргызча

    11 сент., 14:21

    Кезектеги ири объект президенттин Иш башкармалыгына өткөрүлдү. Бул жолу — Кыргызстанда чоңдугу боюнча «Дордойдон» кийин экинчи орунда турган, өлкөнүн түштүгүндөгү Кара-Суу же дагы бир аты «Туратали» базары алардын карамагында болмокчу.
  • Kloop кыргызча

    11 сент., 13:33изменён

    «Кара-Суу» базары президенттин Иш башкармалыгына өттүКезектеги ири объект президенттин Иш башкармалыгына өткөрүлдү. Бул жолу — Кыргызстанда чоңдугу боюнча «Дордойдон» кийин экинчи орунда турган, өлкөнүн түштүгүндөгү Кара-Суу же дагы бир аты «Туратали» базары алардын карамагында болмокчу.Базар Иш башкармалыкка берилгенин «Турмуш» басылмасына мурдагы директор Нурбек Эргешов тастыктады. Анын айтымында, базарды өткөрүп берүү процесси 2-3 ай мурда башталган.«Азыр базарды кабыл алуу жараяны бүтө элек. Үч айдан бери өткөрүп бере албай кыйналып жатабыз», — деген ал «Турмушка».Базар эмне себептен Иш башкармалыкка өткөрүлгөнүнүн так себеби белгисиз. Үстүбүздөгү жылдын апрель айында, Ош облусуна болгон расмий сапарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жергиликтүү тургундарга Кара-Суу базарынын ордуна заманбап соода борбору курулат деп убада берген.Анда базар Иш башкармалыкка өтөт
  • Kloop кыргызча

    10 сент., 11:36

    Отурумда «Бийликти күч менен басып алуу» беренеси «Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу» беренесине (195-берене) алмаштырылып, айыпталгандар күнөөлүү деп табылды. Соттолгондор кандайча шайлоо укугун жүзөгө ашырууга тоскоол болгону белгисиз, анткени президенттик шайлоо 2027-жылы январда өтөт, ал эми фигуранттардын көпчүлүгү кызматта эмес, мурдагы чиновниктер.