Последние посты

КЫСКА-НУСКА
1 авг., 15:12
55 сөздөн турган аңгемелерге сынак«Адабий Ордо» сайты «Кыргыз маданият борбору» жана «КЫСКА-НУСКА» телеграм-каналы менен бирге 55 сөздөн турган аңгемелерге сынак жарыялайт. Ушундай сынакты бир кезде New Times гезити жарыялаган, ал эми 2022-жылы «КЫСКА-НУСКА» телеграм-каналы да кыргыз калемгерлеринин арасында ийгиликтүү уюштурган.Толугу менен 👉 https://adabiyat.men/55-sozdon-turgan-kara-soz-chygarmalaryna-synak/
КЫСКА-НУСКА
10 июл., 06:12
Дүйшөн КЕРИМОВАРЗУУНУН КҮНДӨЛҮГҮН БАРАКТАП«Оо, махабат сен болбосоң дүйнөдө, Бирин-бири алмак эле ким эске!» Табылды МУКАНОВАл күндөлүгүн барактап олтурду. Артынан түшпөсө да, анда-санда чиймелеп жүрчү. Жазып койгону жакшы болуптур да, окуган сайын саптар арасынан алыста жүргөн, убактылуу жүргөн, ушул убактылуу дегенге каниет кылат, өзүн-өзү сооротот, жакын адамы, асыл адамы жарк деп чыга калчудай окуйт. Жаңы жыл жакындап келатканын ойлоду. Тамагы буулуп, жашы кылгырды. Өмүр өтүп атканына эмес, өзү ээн чөлдө калгандай ээнсиреп жүргөнүнө жүрөгү сыздады. Караан этээр дептерин кайра баштан барактап кирди…Экөөбүз жолугаардан үч ай мурда сен мага түшүмдө эки жолу удаа келдиң… Жайлоодо көк кашка өзөн боюндагы боз үй алдында бейтааныш жаш аял күтүп туруптур. «Үйүңүз чачылып, апаңыз жүдөп калыптыр, оңдоп койдум» деди акырын. Экөөбүз суу бойлоп бирге бастык. Негедир артыма кылчайсам, үй
КЫСКА-НУСКА
9 июл., 06:12
– Муну эч ким билбейт... Силер да билбейсиңер. Мен өмүр бою кара кылды как жарган калыс деген атак күттүм. Эч кимисине жан тартканым жок. Элдин баары муну оңой деп ойлойт. Бирок бир эле маселени тартышып келген эки кишинин бири мага жок дегенде бир эле тоголок алма ала келсе, ошого ичимден жан тартып турам. Бири эле мага жылуураак сүйлөсө, көңүлүм ошол тарап болот. А мен көңүлүмө жараша чечим чыгарганга акым жок. Антсе да ичимден жан тартканым жан тарткан...Бешиктеги баланын башы ачылып, ыңаалаган үн угулду. Балканактай эркек бала экен. Бөлмөдөгү үчөө бирин бири аяп да, азыр эле уккан чындыкты эмне кыларын билбей алдастап да ойлуу отурушту.____________________👉 "Кыргыз поэзиясы"🙏 Каналга колдоо көрсөтүү🎀 Ардак такта
КЫСКА-НУСКА
9 июл., 06:12
Жыргалбек КАСАБОЛОТОВҮЧ ЧЫНДЫККөптү көргөн Сулайман падыша бул жолу башы катып, айласы алты кетип отурду. Өмүрүндө көп эле маселени чечкен, кара кылды как жарган калыс бүтүмдөрдү чыгарып келген, бирок өз башындагы мүшкүл ушунчалык оор болорун билбептир. Жапжаш, сулуу, акылдуу аялы бала ордуна баш-аягы, буту-колу жок эле жумуру таш төрөйт деген эмне шумдук? Таш, кадимки эле таш. Болгону тептегиз, жыпжылма, жумуртканы узартып койгондой. Же бир элге-журтка айта алсачы. Же буга чейин балалуу болсочу. Ушунча жылдан бери эңсеп күткөн перзенти. Үч уктаса түшкө кирбеген бул кайгыдан улам каныша өңдөн азып, жинди болгону калды. Таш салынган бешикти терметип, же эмизе албай, же түңүлүп басып кете албай жарым эс болуп отурат.Кой, отура бергенде эч нерсе чыкпайт. Же нары, же бери кылып бир жаңсыл чечиш керек, муну. Кудайга эмнесинен жазды экен? Өзү го өзү, мобу жапжаш, сулуу, бечара аялында
КЫСКА-НУСКА
8 июл., 06:12
Үндөбөдү. Макул. Абышканын колу-буттары кайрадан муздай баштады. Бир жума илгери капканга суурдун чөндөлөйү түшүп калган экен, анын эки колу менен башын катып, боздоп ыйлаганына карабай небереси темир союл менен башка чапкылап жиберди. Көзү чанагынан чыгып, оозунан кан-шилекейи сүт аралаш чыккан анын өлүгүн ыргытып жибергенде ат коркконунан тимеле арабанын догоосун сындырып коё жаздаган болчу. Ошондо мактоону күтүп мадыраңдаган небересине не дээрин билбей тили буулуп, сөзү чыкпай калган....Алар узак жүрүштү. Чак түш болду. Капканга түшкөн суурлар жок.“Эмне, талаадан биротоло ооп келишкенби, алар? – деп ойлоду дудук.Абышканын небереси арабадан буттарын салаңдатып, эки жактан ийин издеп ашыга элеңдейт. Карыган ат арабаны кылдырата тартып барат. Сулу менен арпага семирип алган ал суурлардын ийиндеринен корко жалтактай ойдолойт. Бир маалда ат жайлап, дөңгөлөктөр да кылдырабай калды.
КЫСКА-НУСКА
8 июл., 06:12
Талгат КЕҢЕСБАЕВКАПКАН“Биздинби же сиздин бакытпы?” Рюноскэ АкутагаваАбышка таң эртеде эле туруп алган.Атын арабага кошкусу келбей турду. Күн көтөрүлгөн менен таңкы шүүдүрүмдөн улам салкын. Чыйрыгып чыкты. “Суурлар өткөн жылдагыдай чээнге эрте кирип кетпес бекен” деп камтама болуп койду. Бул ой абышканы дайыма кыйнап келет. Кыйнамак турсун карытып да бүттү. Соңку эки жылда чачтары да катуу агарып кетти. Өзү да кудум териси түлөгөн суурга окшоп калды. Каштары суюлуп, чачтары түшүп, кабагы катты. Сүйлөгөндө шилекейи чачырап, үстүңкү тиштеринен бир-экөө эле калган.Абышка жай басып баратты. Дөбөчөдөгү төмпөйгөн мүрзөлөрдү карай. Ал жакта жалгыз уулу менен келини жатат. Эки жыл мурда алар шаардан келатып, жолдон кырсыкташкан. Эми абышка он жашар небереси экөө эле…Анын кесиби – капканчы. Кийинки он-он беш жылдан бери абышканын аты айланада уламышка айланып кеткен. Аны капкан
КЫСКА-НУСКА
7 июл., 06:12
Ширин тиги тушту кара деп ымдады. Бурулсам эле аны менен тиктеше калаарым шексиз... Курсагы челектей болгон тиги киши кекиртегин кыра кыйкырып, алкынып-булкунуп микрофонду көпкө ээледи. Тажаганыбыздан шатырата кол чапсак да, кырмызы галстукчан бул “коногубуз”, узундан-узун ырын окуп… бүтүрүп жиберди. Кудай жалгап, биздин ырчы жигитибизге да кезек келди.— Баарыңыздарды бийге чакырам! – деди Улар.Орто толуп, четтегилер суюла түштүк. Кырк жылдыгын белгилеген бүтүрүүчүлөр, тим эле бири калбай бийге чыгышпадыбы.— Ээ, булардын тытынгандарын көр...— Айтпа, зарналары кайнайт го.— Силер бийлебейсиңерби?Чолпонай эжекем топ-топ болуп ар-ар жерде турган мугалимдерге кошулбай биз менен.— Эжеке, мындай топтун ичинде тикеге секирип эле бийлебесең, жан жакка кыймылдап болбойт.Бакыттын сөзүнө эжекебиз бырс эте күлүп алды. Көрдүм... ал бийлеп жатыптыр. Классташы Жанаргүл менен экен. Бирөө
КЫСКА-НУСКА
7 июл., 06:12
Максуда ОРМОНОВАКАРА-ДӨБӨНҮН ГҮЛДӨРҮ— Мына кызым, сенин акыркы коңгурооңо Кара-Дөбөнүн куд-ду өзүнөн гүл терип келдим.Апам, гүл оролгон кемселин алдыма жая салды.— Ай-ий!Ак, кызыл, пушту, мала кызыл мандалактарды карап, колумду кайсынысына сунаарымды билбей турдум. Күлгүн түс кийик оттун гүлүнөн да бар. Анан да мага бала кезден жакчу момпосуй жыттанган сары гүл, биз аны токоч гүл деп атачубуз.— Жактыбы, кызым...Апамдын маңдайы тер эле. Суу болгон жоолугун өйдө көтөрүп, көйнөгүн желпилдетип шамалдап алды.— Таң атпай эмне мынча убара болдуңуз... Тиги атыр гүлдөрдөн эле алып кетмекмин да…Жаным кейип, апамды кучактап калдым.
КЫСКА-НУСКА
6 июл., 06:12
Жайында ушул шаркыратма астында туруп, башыбызга түшкөн сууга карабай өбүшүп каткырган элек. Анын эриндерин күмүш тамчыдан талашкан элем. Ал бир эле жолу келчү ирмемдер беле... Андагыдай ышкылуу, ширин даамды таппай, ансыз да түпөйүл жүрөк муздап бараткансыды. Азыр ошол жайдагы махабатыбыздын көмүлгөн муз дөбөсүндө тургандай сезип кеттим. Бут алдыбыздагы муз дөбө мүрзөдөй сезилди. Бул биздин аруу сезимдерибиздин эмес, тескерисинче, кызганыч, таарыныч, түшүнбөстүктүн мүрзөсү болсо кана…– Не болду?– Эч нерсе…– Айтпайсыңбы?– Эч нерсе…“Аны менен да ушинтип өбүштү бекен? Балким салыштырып аткандыр? Кимибизди сүйөрүн билбей ортодо чайналып аткан жокпу?” – Ушул ойлор кайдан келди экен, ичимден кан өтүп кеткендей ачышты. Кучактаган колумду бошотуп бурк эттим:– Кетсең кетчи, нары... Кет нары... Бир жолу…Ал мындайды күткөн эмеспи, жүзү каракөк тарта түштү да, дароо кучактады:– Кетп
КЫСКА-НУСКА
6 июл., 06:12
Дүйшөмамбет ОРОЗАЛИЕВМҮРЗӨДӨГҮ ӨБҮШҮҮСол колум менен рулду башкарып бараттым. Оң колумду быйтыйган алакан, манжалар назик сылап, улам кысып, эркелеген сайын алаканым тердеп чыкты.– Колуңуз тердеп атат, ээ?– Колум эле эмес, жүрөгүм да тердеп...– Ошентип ыр жазыңыз. Хи-хи-хи.– Хе-хе. Макул, жазайын.Жайында келген элек бул шаркыратмага. Январдын он үчүндө күн жылуу негедир. Тоо таяна бергенибизде жолду бойлой, жол таманында жыбылжыган жолбун суу жолукту.– Машинени жаңы эле жуугам да, – ылай сууну чачыратпай акырын аярлап айдай бердим.Ар кептин башын чубап сөзүбүз түгөнбөйт. Ал экөөбүз кадимкидей сүйлөшүп келаттык, анын жаркылдаган жүзүнө караган сайын ичим туз куйгандай ачышканын айт. Коктудагы бурулушка машинени токтотуп, ээрчише өрдөй бердик. Дулдуюп алдыда бараткам, буту тайып чайылдаганынан бурулуп, колдон ала жигит катары тайгалактан сүйөп өткөрдүм, ал табиятка
КЫСКА-НУСКА
3 июл., 06:12
– Оой, Туке, рахмат, рахмат. Далай жер көрүнөт тура. Тигинде менин дүкөндөрүм. Бирок жай жылганы жаман экен. Мындан тезирээк айланганы жокпу? Мисалы селкинчек сыяктуу.– Бар андай, азыр төмөн түшөлү.Саамдан кийин ээрчишкен экөө айланчу каруселдин жанында турушту. Кыдыракей бир орундук орунтуктар чынжырларда салаңдап тегерете тизилет.– Кана Маке, сен отур. Кел. Курчан. Антпесең учуп кетесиң.Курбусун отургузуп, коопсуздук курун коногунун белине курчап болгон Турган четке чыга берди.– Ой, Туке, отур сен дагы, мен жалгыз тепмек белем.– Макул, иштетип коюп отурайын.Турган каруселди иштетип, машина жай козголо баштаганда жүгүрүп барып отурду. Карусель айланып кеткендиктен, экөө тегеректин эки тарабында болуп калышты. Адеп саал жай айланган карусель улам барган сайын ылдамдыгын арттырды.– О-ой, Туке. Мына учат деген, ыраазымын, ыраазымын. – Матайдын үнү каруселдин күүлдөгүнөн
КЫСКА-НУСКА
3 июл., 06:12
Рыспек АДИЕВКАРУСЕЛЬ– Ал, алып жибер.– Алдым. Рахмат. Уктап калып балээге кабылбайын... Көбөйүп кетти.– Алып ий, эми. Ушу кичинекей немени, эмне? – деп бакылдаган коңшусу калай кружкадагы ичкиликти караңгыда көрбөсө да, тигинин толук ичпегенин билип, кыйнап турду. – Суукта эмне. Дайыма эле ичип жаттык беле.– Ошентсе да, текшерип келип калышса дегеним.– Эми, сенин каруселдериңди ким алмак эле да, ким келмек эле. Таң аткычакты көп бар, тарап кетет. Мына меники жооптуу – соода точкалары. Өзүң билесиң башы ооругандардын бардыгы “бирдеме барбы” деп келе беришет.– Биртоптон бери тынчып калышты го?– Ооба, суук түшкөнү тынчып калышат. Бу суукта жашы өйдөлөй түшкөндө иш таба албаган, кароолчулук менен жан баккан экөөбүзгө окшогондор гана түн күзөтөт. Дегеле жашоонун өзү сенин каруселиңдей экен го, чиркин. Айланып жүрүп кайра баягы жериңе келип отуруп калат экенсиң.– Айтпа, түн
КЫСКА-НУСКА
2 июл., 06:12
– О, журт, ар үйдүн кызыл от жалаган казаны быйыл ырыска толот. Ал үмүтүңөр ордунда. Бирок азыр кыш өз мойнун үзө элек. Ак канатын сермеп, кыш чапкыны тоо ашканы менен артында аз эпкини турат…Ай, жаңылбасам, аптанын аягында мынабул көгү тушарга келип калган ой-тоо бир жолу кар жамынат. Ошондо жаш төлүңөр кантер экен? Эмитен алдын ала сактанарсыңар…Манаке ушуну айтканда кишилер эндирей калышты.Кыдыр аке тек мыйыгынан күлдү:– Э Манаке ай… Эсепчи, эсепчи десе ушул жолу артык эсептеп койдуңузбу деймин. Күкүк чакырып калгандан кийин да кыш кайтычу беле, жарыктык…Баамчыл Кыдыр ушуну айтканда Манаке кейип кетип:– Мага ишенбегениң, тебетейиңидн кырбуусуна кар толуп, ошо малыңды кайралбай жүргөндө бир ишенерсиң. Ошондо жаш төлдөгөн малың ийсөөгө жалгыз тал чөп жок ыргала түшкөнүн көрүп, Кыдыр, сен өзүң баш болуп төөңдү комдотуп, аксуулук орус туугандын үймөгүнөн чөп жүктөтүп аткан
КЫСКА-НУСКА
2 июл., 06:12
Түгөлбай СЫДЫКБЕКОВМАНАКЕ ЭСЕПЧИӨткөн кылымдын экинчи жарчысында Көл башында Чолпон айылында Манаке деген жыл эсепчисин мен бала чагымда чоң кишилер урмат менен айтышар эле.– Манаке аке, жыл эсебинен жаңылып көрбөгөн киши экен го? – деп бири таң калса:– Көзү ачык киши болгон тура, жарыктык, –деп экинчиси ал кишинин ысымына сыйынып сакал сылачу.Манаке аке жөнүндө билгиси келгендер кепке кулак төшөйт. Ажылдап-бажылдап талашканы жок. Кишилер момурап жоош олтуруп кеп кезегин күтөт. Сүйлөп жаткан киши кебин аяктаганда бири этиет сурайт:– Манаке акени көрүп калгандырсыз?– Э көрдүм ал кишини. Ноочо алыбеттүү, суйдаң жээрде сакалы чап жаагына, нурдуу ырайына жарашкан киши эле, жарыктык. Сыртынан сабырдуу өңдөнүп туруп эле, ичинен: “тыякта бир кишиге жакшылык этмек элем” дегенсип алданемеге оюн бөлүп, бир жакка жөнөчүдөй болуп көрүнчү.Айя, Манаке акенин ал сырын билген кишилер:
КЫСКА-НУСКА
1 июл., 06:12
Түшкү тамактан кийин Оля альбомду өз бөлмөсүнө алып барып, үстөлдүн суурмасына бекитип койду да, кийинки күнү альбомдогу бардык аткаминерлердин сүрөтүн алып ыргытып, ордуна институтта чогуу окушкан курбу кыздарынын сүрөтүн коюп алды. Ошентип, сүрөттөгү аскер формаларынын орду кыздардын ак көйнөктөрү менен алмашты. Ал эми улуу урматтуунун уулу Коля болсо, аткаминерлердин формасын кызыл боёк менен боёп, сакалы жокторго күрөң сакал, муруту жокторго жашыл мурут тартты. Боёгонго эч нерсе калбай калганда, сүрөттөгү кишилердин сөлөкөтүн кесип алып, көздөрүн төөнөгүч менен көзөп, аскер оюнун ойноого өттү. Титулдук кеңешчи Кратеровдун сүрөтүн кесип алып, ширеңкенин кутусуна салды да, ошол боюнча атасы отурган кабинетке алып барды:— Ата, карасаң, монумент эмес бекен!Жмыхов алгач боору катканча каткырып күлүп, андан соң жыгылып кетчүдөй солк этип барып оңолду да, Коляны колдон тартып бетинен
КЫСКА-НУСКА
1 июл., 06:12
Антон ЧЕХОВАЛЬБОМКатуурак шамал болсо кулап калчудай кейиптенген Кратеров деген титулдук кеңешчи алдыга бир кадам таштады да, Жмыховго бурулуп:— Улуу даражалуум! Бизге көрсөткөн аталык камкордугуңуз жана узак жылдарга созулган жетекчилигиңизди эске алып…— Он жылдан ашык мөөнөткө созулган, – деп кошумчалай кетти Закусин.— Ооба, он жылдан ашык убакытка созулган жылдарды эске алып, биз, cиздин кол алдыңызда иштегендер, биз үчүн салтанаттуу… мына… ушундай күнү сизге болгон терең урмат-сыйыбыздын белгиси катары, бардыгыбыздын сүрөтүбүз салынган мына бул альбомду белек кылуу менен дагы далай жылдар бою, кандай десем… көзүңүз өтүп кеткиче биз менен бирге болууңузду каалай тургандыгыбызды билдирип өткүбүз келет…— Чындык жана өнүгүү жолундагы өзүңүздүн аталык кеңешиңиз менен… – деди эми Закусин, чекесиндеги чыбырчыктай түшкөн терди аарчып жатып. Анын чыны менен эле абдан сүйлөгүсү
КЫСКА-НУСКА
30 июн., 06:12
Байкабасов келинге жакындап келди да, сөзүн улантты:— Эмне сизди оң каарман этип жазарыма ишенбей жатасызбы, кандай каарманды жаратуу өзүмдүн эрким, мени эч ким зордуктап жаздыра да албайт, зордуктап жаздырбай коё да албайт.— Агай, мени аябай көкөлөтүп жибердиңиз го анда, чындап эле ошондой болсо...— Ишенип кой, сөзсүз сен жөнүндө жазам, ал үчүн мына ушул экөөбүз жээгинде отурган суу күбө болсун, андан көрө оң каарман болууга макулдугумду бердим дегин, – деп Сонундун көзүнө карады.— Эмне макул эмессиңби? Унчукпайсыз да?— Макулмун, бирок...— Мына бул сөзүң мага жагат, кел бетинден өөп коёюн, – деп бир өптү. Бул өбүүдөн жанакы жүрөккө түшкөн учкун тутана түштү. Эки көз бир-бирине тиктеше түшкөндө эмне болуп кеткенин да сезбей калышты. Сонун каршылык көрсөткөн жок. Ошентип экөө эң алгачкы жапайы сүйүүнүн «ширин үзүрүн» көрүштү. Бул күндүн кантип кеч киргенин сезбей калышты.
КЫСКА-НУСКА
30 июн., 06:12
Абдылда КАРАСАРТОВБОРООНДУУ ҮЙБул окуя мындан жыйырма-отуз жыл илгери болгон. Белгилүү бир жазуучунун (аты-жөнү өзгөртүлдү) Ат-Башыдан Фрунзеге — үйүнө өзүнүн жеке менчик жеңил машинасы менен келе жатып, жолдо бир караан турганын көрөт. Ал өз ичинен: «Бир аялзат болуп кол көтөрсө экен» – деп ойлонот да, машинасын акырындап айдай баштайт. Жакындаган сайын караандын чын эле аял экени байкалат. Ойлогону келип, аял кол көтөрөт да, ал машинаны тык токтотот. Орто бойлуу, сулуучумак келген, жайдары мүнөз келин жылмайып:— Саламатсызбы, агай, – деп салам берди.— Саламатчылык.— Фрунзеге бара жаттым эле, эч болбоду дегенде Балыкчыга дейре мени алып алсаңыз?— Карындаш, сени алат элем, бирок аялым бар, ошондуктан сени албай эле машинама отургузуп алайын, – деп тамашалады. Келин уялып жер карап, «бырс» күлүп жиберди. Эшикти ачып, келинди отургузуп жолду улантты. Бир аз жүргөн соң жазуучу
КЫСКА-НУСКА
29 июн., 06:12
Бакай АЛМАЗТОЛУП-ТАШЫП ЖАШАГАНДЫ ЖАКТЫРАМЖактырам. Жашоону толуп-ташып жашаганды жактырам. Ойгонуп көчөгө чыкканымда абанын мээлүүн, жарык болгонун жакшы көрөм. Көөнөргөн дубалдарынан, балким, унутулууга моюн сунган тарыхый үйлөрдүн жанынан өтүп баратканда көчөдөгү жолбун мышыктардын мага таңыркап караганын, тамак жегендерин караганды жана алардын ар түркүн-түстө экенин көргөндү жактырам. Алардын менден чочуркабай, «кайсыл кишинин санын көбөйткөн неме болуп кетти экен?» деген тейде астейдил тиктегендерин жактырам. Дал ошол учурда көктө ак чардактар ызы-чуу сала ойкуп-кайкып учуп жүрүшкөнү да мага жагат. Айрыкча, алардын караңгы деңиз жактан аппак тулку ай нуру менен чагылыша салабаттуу учуп келе жатышканына күбө болгонду өзгөчө жактырам.Колумдан келсе эрте турганды, жакшы тамактанып, жылуу сууга жуунганды жактырам. Пайдалуу бирдемелерди окуп жана көрүп, күнүмдү берекелүү кылганды
КЫСКА-НУСКА
26 июн., 06:12
Иван БУНИНСУЛУУАялынын каза болгонуна бир далай убакыт болгон арык, узун бойлуу, көзүнө такай йод түсүндөгү көз айнек тагынган кары мамлекеттик кызматкер кайсы бир аскер зардалынын өзүнөн алда канча жаш, нары сулуу жана да анча-мынча сулууларды бучкагына теңей бербеген, бою – чарчы, үй оокатына бүйрө кызына баш кошту. Ал өзү кишиге чечилип сүйлөй бербегени менен, кудайга кантет, алганы өз баасын жакшы билет. Көптөгөн губерниялык атка минерлер сыяктуу эле ашыкча акылы, не кишиге жугуму жок көптүн бири экенине карабай мунун эки курдай үйлөнүшү жана эки мертебе тең ай чырайлуу кыздарга туш болуп отурушу, коңшу-колоңду: “капырай шумдук!” – дедиртет; ичин туз куйгандай ачыштырат.Экинчи алганы, биринчи никеден калган тигинин жети жашар баласын кайрып-куйруп, ачык эле жек көрүүгө өттү. Атасы буга не демек? Өзүн анткор тутат, субай-салтаң келген неменин көзүнүн агы менен тең айланып, бул
