Latest posts

OSHO
23 Sept, 12:03
🏛️ Бешинчи Элдик курултайга 700 делегат шайланатКыргызстанда бешинчи Элдик курултайга даярдык иштери башталды. Курултайга белгиленген квота боюнча жалпы 700 делегат шайланат.👥 Делегаттар өлкөнүн 7 облусунан, Бишкек жана Ош шаарларынан, этникалык топтордон жана чет өлкөлөрдө эмгектенип жүргөн мигранттардын арасынан тандалат.📌 Делегаттарды шайлоо тартибине жана процесстин ачыктыгына өзгөчө көңүл бурулууда. Аймактардагы мамлекеттик органдарга тиешелүү уюштуруу иштерин өз убагында жүргүзүү тапшырылды.📅 Бешинчи Элдик курултай 2026-жылдын 18-декабрында Бишкекте өтөт. Анын датасын президент Садыр Жапаров 3-сентябрдагы жарлыгы менен белгилеген.@kgosho Билип жаша!TelegramOSHO@kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз4,960Open in Telegram
OSHO
23 Sept, 11:00
🤖 Изилдөө: Жасалма интеллект каржы боюнча кеңештердин 57%ын туура эмес беретПопулярдуу жасалма интеллект моделдери берген каржылык кеңештердин 57%ы туура эмес болуп чыккан. Ал эми татаал суроолордо ката кетирүү көрсөткүчү 88%га жеткен. Мындай маалымат Saturn финтех-компаниясынын изилдөөсүндө айтылат.📊 Изилдөөдө ChatGPT, Claude, CoPilot, Grok жана Gemini сыяктуу 18 ЖИ модели 121 каржылык суроого жооп берген. Ар бир суроо 5 жолу берилип, жалпысынан 10 миңден ашык жооп талданган.💳 Акысыз моделдер 63% учурда, ал эми акы төлөнүүчү моделдер 49% учурда жаңылышкан. Татаал суроолордо акысыз ЖИнин ката кетирүүсү 93%га жеткен.⚠️ Көп кездешкен каталардын арасында эсептөөлөрдөгү жаңылыштыктар, тобокелдиктер тууралуу эскертүүлөрдү өткөрүп жиберүү, салыктагы өзгөрүүлөрдү эске албоо жана жок эрежелерди ойлоп табуу бар.💰 Айрым туура эмес кеңештер олуттуу чыгымга алып келиши мүмкүн. Мисалы, бир модель пенсиялык салык боюнча туура эмес кеңеш берип, анын кесепетинен $23,3 миң айып пул салынышы мүмкүн болгон.📌 Изилдөө авторлору адамдар ЖИнин жоопторун текшербей кабыл алса, туура эмес каржылык кеңештер керектөөчүлөргө олуттуу зыян келтириши мүмкүн экенин белгилешкен.@kgosho Билип жаша!TelegramOSHO@kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз6,200Open in Telegram
OSHO
23 Sept, 10:03
🇰🇬🇧🇾 Кыргызстан менен Беларусь жарандардын өлкөдө болуу эрежелерин жеңилдететКыргызстандыктар жана беларус жарандары эки өлкөнүн аймагында 30 календардык күнгө чейин каттоосуз жүрө алышы мүмкүн.📌 Тиешелүү келишимди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети биринчи окууда жактырды.📝 Келишимге 2025-жылдын 29-сентябрында Минск шаарында кол коюлган. Ал эки өлкөнүн жарандарына башка мамлекетте убактылуу болгон учурда 30 күнгө чейин жашаган жери боюнча каттоого турбоого мүмкүнчүлүк берет.✈️ Бул чара өз ара сапарларды жеңилдетип, экономикалык жана туристтик байланыштарды кеңейтүүгө шарт түзүү максатын көздөйт.🏥 Жыйында депутат Жылдыз Садырбаева Беларусиянын трансплантология тармагындагы тажрыйбасын эске алып, кыргызстандыктарга операция жасатуу үчүн квоталарды карап чыгууну сунуштады.📍 Комитет мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.@kgosho Билип жаша!TelegramOSHO@kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз7,360Open in Telegram
OSHO
23 Sept, 09:01
👷♀️ Кыргызстандагы бизнестин 76%ы кадр тартыштыгын өсүшкө негизги тоскоолдук деп атадыКыргызстандагы ишканалардын 76%ы кадрлардын жетишсиздигин өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга тоскоол болгон негизги фактор деп эсептейт. Мындай жыйынтык Улуттук стратегиялык демилгелер институтунун изилдөөсүндө айтылды.💰 56% ишкана негизги көйгөй катары чыгымдардын жогору экенин, ал эми 44%ы каржылоого жетүүнүн чектелүү экенин белгилеген.📚 Ошол эле учурда сурамжылоого катышкан компаниялардын төрттөн бирине жакыны гана кызматкерлерин үзгүлтүксүз окутат.🏭 Өндүрүш көлөмүн көбөйтүү зарыл болгондо ишканалардын 70%дан ашыгы кошумча жумушчуларды жалдоону же жумуш убактысын узартууну тандашат.⚙️ Ал эми өндүрүштү кеңейтүү үчүн жабдууларды жаңыртууну 23% гана компания колдонот.📌 Демек, көпчүлүк ишканалар өндүрүштү технология жана модернизация аркылуу эмес, кошумча эмгек күчүн тартуу менен көбөйтүп жатышат.@kgosho Билип жаша!TelegramOSHO@kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз8,550Open in Telegram
OSHO
23 Sept, 08:01
🤧 Кыргызстанда КРВИге миңдеген адам чалдыкты: ооругандардын 74%дан ашыгы — балдарКыргызстанда 12–18-сентябрь аралыгында КРВИнин 4 366 учуру катталды.👧🏻 14 жашка чейинки балдар ооругандардын 74,2%ын түздү — башкача айтканда, ар төрт оорулуунун үчөө бала.📊 Оорулоо көрсөткүчү 100 миң адамга 59,5 учурду түзүп, былтыркы деңгээлден дээрлик өзгөргөн эмес. 2025-жылы ушул мезгилде 4 298 учур катталган.🏠 Адистер КРВИНин белгилери бар балдарды мектепке жана бала бакчага жибербөөнү, дене табы көтөрүлүп, абалы начарласа үйдө болуп, дарыгерге кайрылууну сунушташат.🧼 Алдын алуу үчүн колду тез-тез жууп, бөлмөлөрдү желдетип, үшүп калуудан сактануу жана эл көп чогулган жерлерде беткап тагынуу сунушталат.@kgosho Билип жаша!TelegramOSHO@kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз9,760Open in Telegram
OSHO
23 Sept, 07:03
🚦 Бишкекте жол тыгындарына каршы кескин чаралар көрүлбөйтБишкек мэриясы жол тыгындарын азайтуу үчүн кескин чараларга барбайт. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев билдирди.🏙️ Анын айтымында, буга чейин мындай сунуштар коомчулук тарабынан колдоо тапкан эмес. Учурда шаар бийлиги бекитилген концепциянын негизинде системалуу иш алып барууда.🛣️ Негизги багыт — жол инфраструктурасын жаңылоо, жаңы жолдорду жана жол өтмөктөрүн куруу. Андан кийин тыгындарды азайтуунун кийинки чаралары каралат.🚌 Мэрия буга чейин айдоочуларга унааларын Батыш автобекетинин аймагына калтырып, шаар ичинде коомдук транспорт менен жүрүүнү сунуштаган.@kgosho Билип жаша!TelegramOSHO@kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз10,900Open in Telegram
OSHO
23 Sept, 06:00
💻 «Касперский лабораториясы» өнүмдөрүн кыргызчага которо баштады«Касперский лабораториясы» өзүнүн программаларын жана окутуу платформаларын кыргыз тилине которууну баштады. Бул тууралуу компаниянын Борбор Азия жана Монголия боюнча башкаруучу директору Валерий Зубанов Cybernamad Fest-2026 фестивалында билдирди.🇰🇬 Компания быйыл кыргыз тилиндеги кибергигиена боюнча онлайн-платформаны иштеп чыгууга каражат бөлгөн.📚 Долбоордун алкагында «Киберазбука» окуу куралы кыргызчага которулуп, Кыргызстандын мектептерине берилген. Материал Мамлекеттик жеке маалыматтарды коргоо агенттигинин көзөмөлү менен адаптацияланган.🛡️ Компания билим берүү мекемелерине киберкоопсуздук боюнча материалдарды таратууну улантат. Долбоор социалдык багытта болуп, калктын санариптик сабаттуулугун жана киберкоопсуздук боюнча билимин жогорулатууга багытталган.@kgosho Билип жаша!TelegramOSHO@kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз12,200Open in Telegram
OSHO
23 Sept, 05:02
💻 Бишкекте санариптик технологиялар мектебине алгачкы кабыл алуу башталдыБишкекте «Школа 21» санариптик технологиялар мектебине биринчи тандоо этабы башталды.🎓 Окуу Кыргызстандын 18 жаштан жогорку бардык жарандары үчүн акысыз. Билими же мурдагы кесиптик тажрыйбасы талап кылынбайт.📝 Кабыл алуу үчүн: 1️⃣ долбоордун сайты аркылуу арыз берүү; 2️⃣ логика, эс тутум жана алгоритмдик ой жүгүртүү боюнча онлайн-тесттен өтүү; 3️⃣ 14 күндүк офлайн тандоо этабына катышуу керек.🚀 Тандоодон өткөндөр 22 багыттын бирин тандай алышат. Алардын арасында программалык камсыздоо жана мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуу, киберкоопсуздук, маалыматтарды талдоо, тестирлөө, жасалма интеллект жана технологиялык ишкердик бар.⏳ Окуу багытка жана студенттин темпине жараша 9 айдан 2 жылга чейин созулат. Сунушталган окуу жүгү — жумасына болжол менен 20 саат.@kgosho Билип жаша!TelegramOSHO@kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз13,300Open in Telegram
Related Channels
Other channels in the same section of the catalogue.
