Latest posts

«Азаттык» радиосу
22 Sept, 14:39
Мектеп рэкетчилиги: эки окуучу ур-токмоктон каза болдуЖалал-Абад облусунун Чаткал районунда 9-класстын окуучусу ур-токмоктон каза тапканын жакындары айтып чыкты. Өспүрүмдү даратканада 11-класстын окуучулары сабап, ошол жерде жан берген деп айтышууда. Облустук милиция окуяга катыштыгы бар делген төрт окуучуну камакка алды. Буга удаа эле Сузакта 10-класстын окуучусу ур-токмоктон каза тапканы белгилүү болду. Жаңы окуу жылы башталары менен мектеп рэкетчилигинен эки окуучунун каза табышы окуучулардын коопсуздугуна байланыштуу кабатырланууларды күчөттү. Агартуу министрлиги бул окуялар боюнча атайын комиссия түзүлгөнүн маалымдады. https://www.youtube.com/watch?v=xs2Wdk6QQtYYouTubeМектеп рэкетчилиги: эки окуучу ур-токмоктон каза болдуЖалал-Абад облусунун Чаткал районунда 9-класстын окуучусу ур-токмоктон каза тапканын жакындары айтып чыкты. Өспүрүмдү даратканада 11-класстын окуучулары сабап, ошол жерде жан берген деп айтышууда. Облустук милиция окуяга катыштыгы бар делген төрт окуучуну…
«Азаттык» радиосу
22 Sept, 12:48
Эки күндө эки окуучунун өмүрү кыйылды | ЖАҢЫЛЫКТАР | 22.09.2026• Жаңы окуу жылынын башында Чаткалда 9-класстын, Сузакта 10-класстын окуучусу каза болду. Мектептеги балдардын коопсуздугун ким коргойт?• Берлиндин мэри түркиялык мигранттардын кызы Элиф Эралп болуп калышы ыктымал. 45 жаштагы саясатчы Нью-Йорктун мэри Мамданиден үлгү алганын айтты• Көмүскө схемаларда аты аталган, чуулгандуу ишкер Алексей Ширшов коомчулукка чыкты. https://www.youtube.com/live/09GGkj4P2FsYouTubeЭки күндө эки окуучунун өмүрү кыйылды | ЖАҢЫЛЫКТАР | 22.09.2026- Жаңы окуу жылынын башында Чаткалда 9-класстын, Сузакта 10-класстын окуучусу каза болду. Мектептеги балдардын коопсуздугун ким коргойт? - Берлиндин мэри түркиялык мигранттардын кызы Элиф Эралп болуп калышы ыктымал. 45 жаштагы саясатчы Нью-Йорктун мэри…
«Азаттык» радиосу
22 Sept, 07:50
‼️Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 9-класстын окуучусу ур-токмоктон каза тапканын жакындары айтып чыкты. Алардын билдиришинче, өспүрүмдү дааратканада 11-класстын окуучулары сабап, бала ошол жерде жан берген. Облустук милиция окуяга катыштыгы бар делген төрт окуучуну камакка алды.Буга удаа эле Сузакта 10-класстын окуучусу ур-токмоктон каза тапканы белгилүү болду. Жаңы окуу жылы башталары менен мектеп рэкетчилигинен эки баланын каза табышы окуучулардын коопсуздугуна кабатырланууну күчөттү.@azattyk_radiosuАзаттык Υналгысы"Колуна темир кийип уруптур". Эки күндө мектепте эки өмүр үзүлдүЖалал-Абад облусунун Чаткал районунда 9-класстын окуучусу ур-токмоктон каза тапканын жакындары айтып чыкты. Алардын билдиришинче, өспүрүмдү дааратканада 11-класстын окуучулары сабап, бала ошол жерде жан берген. Облустук милиция окуяга катыштыгы бар делген…
«Азаттык» радиосу
22 Sept, 05:56
Жогорку Кеңештин комитети президенттик шайлоону 2027-жылдын 27-январына дайындоо боюнча токтом долбоорун жактырды. Шайлоо алдында бийлик атаандаштык үчүн тең шарт түзүлөрүн айтууда. Ошол эле маалда президент талапкер болуп катталса кызматын тапшырышы керекпи деген суроо коюлдууда.@azattyk_radiosuАзаттык ΥналгысыШайлоо-2027: Добуш берүү күнүн аныктоо токтому кабыл алындыЖогорку Кеңештин комитети президенттик шайлоону 2027-жылдын 27-январына дайындоо боюнча токтом долбоорун жактырды. Шайлоо алдында бийлик атаандаштык үчүн тең шарт түзүлөрүн айтууда. Ошол эле маалда президент талапкер болуп катталса кызматын тапшырышы керекпи…
«Азаттык» радиосу
22 Sept, 04:07
Украиналык дрондордун Москвага жапырт чабуулунан кийин айрым кыргызстандык мигранттар мекендештерине кайрылып, орус башкалаасына келбей турууну эскертүүдө. Орусиянын миграциялык катаал саясатына карабай бул өлкөдө иштеп жүргөн жүз миңдеген кыргызстандыктар бар. Көпчүлүгү Москвада эмгектенет.Орусия Украинага негизсиз бастырып кирип, согуш ачкандан бери мигранттар түрдүү тоскоолдуктарга кабылууда. Бирок ошого карабастан миграциянын агымы токтогон жок.@azattyk_radiosuАзаттык Υналгысы"Жашоо кооптуу болуп калды". Москвага жапырт соккулар мигранттарды бушайманга салдыУкраиналык дрондордун Москвага жапырт чабуулунан кийин айрым кыргызстандык мигранттар мекендештерине кайрылып, орус башкалаасына келбей турууну эскертүүдө. Орусиянын миграциялык катаал саясатына карабай бул өлкөдө иштеп жүргөн жүз миңдеген кыргызстандыктар…
«Азаттык» радиосу
21 Sept, 14:39
Шумаров: Алтайдагы төөлөсмүн, Айтматовдон кол тамга алгамНогон Шумаров Алтайдын белгилүү этномузыканты, кай өнөрүнүн ээси, театр режиссеру жана актер. Этномузыкант, музыка таануучу Бактыгүл Абди Жетиген андан жетиген жана аркайыкты чертүүнү үйрөнгөн. Алтай арфасы же жадаган үч жыл мурда Ысык-Көлдөгү байыркы коргондон табылган аркайыкка окшош. Ногон Шумаров “Азаттыктын” студиясына келип, Алтай менен Кыргызстандын байланышы, эпос, музыкалык аспаптардын жана салт-санаанын окшоштуктары тууралуу маек курду. https://www.youtube.com/watch?v=mJIXCrOVbz8&t=596sYouTubeШумаров: Алтайдагы төөлөсмүн, Айтматовдон кол тамга алгамНогон Шумаров Алтайдын белгилүү этномузыканты, кай өнөрүнүн ээси, театр режиссеру жана актер. Этномузыкант, музыка таануучу Бактыгүл Абди Жетиген андан жетиген жана аркайыкты чертүүнү үйрөнгөн. Алтай арфасы же жадаган үч жыл мурда Ысык-Көлдөгү байыркы коргондон…
«Азаттык» радиосу
21 Sept, 12:33
Москвага чабуул мигранттардын үрөйүн учурду | ЖАҢЫЛЫКТАР | 21.09.2026- Кооптуу коңгурообу? Москвага жасалган Украинанын дрон чабуулу кыргызстандык мигранттардын үрөйүн учурду.- Монголияда моңголдор менен казактардын ортосунда тил, тарых, дин жана салт-санаага байланышкан талаш күчөдү. Өлкө президенти Хүрэлсүх казактар жыш жашаган аймакка барды.- Соодагерге арзан, элге кымбат. Ошто эттин баасына нааразы болгон ондогон соодагер Ош мэриясынын алдына чогулду. https://www.youtube.com/watch?v=RpLefN288BUYouTubeМосквага чабуул мигранттардын үрөйүн учурду | ЖАҢЫЛЫКТАР | 21.09.2026- Кооптуу коңгурообу? Москвага жасалган Украинанын дрон чабуулу кыргызстандык мигранттардын үрөйүн учурду. - Монголияда моңголдор менен казактардын ортосунда тил, тарых, дин жана салт-санаага байланышкан талаш күчөдү. Өлкө президенти Хүрэлсүх казактар…
«Азаттык» радиосу
21 Sept, 08:41
Чаткалда 9-класстын окуучусунун өлүмүнө шек саналган төрт өспүрүм эки айга камалдыЖалал-Абад облусунун Чаткал районунда 9-класстын окуучусунун (Д.Р.) өлүмүнө шек саналып кармалган төрт өспүрүм, (К.Н.Ш., М.И.Д., С.Н.И. жана А.Т.А.) 19-ноябрга чейин камакка алынды. Мындай чечимди 19-сентябрда Ала-Бука райондук сотунун тергөө судьясы чыгарганын Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы кабарлады. Окуя 18-сентябрда болгон. Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, каза болгон 15 жаштагы өспүрүм (Д.Р.) Чаткал районунун Жаңы-Базар аймактык ооруканасына жетпей каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси – “Ден соолукка оор залал келтирүү” менен кылмыш иши козголгон. Тергөөдө Чаткал райондук ички иштер бөлүмү кылмышка шектүү катары 17 жаштагы төрт өспүрүмдү (И.М., Н.С., Н.К., Т.А.) кармаган. Каза болгон бала 9-класстын,Азаттык ΥналгысыЧаткалда 9-класстын окуучусунун өлүмүнө шек саналган төрт өспүрүм эки айга камалдыЖалал-Абад облусунун Чаткал районунда 9-класстын окуучусунун (Д.Р.) өлүмүнө шек саналып кармалган төрт өспүрүм, (К.Н.Ш., М.И.Д., С.Н.И. жана А.Т.А.) 19-ноябрга чейин камакка алынды. Мындай чечимди 19-сентябрда Ала-Бука райондук сотунун тергөө судьясы чыгарганын…
«Азаттык» радиосу
21 Sept, 04:40
Азия оюндары: Дастан Каныбек уулу ММА боюнча коло байге алдыЖапонияда өтүп жаткан Азия оюндарында Кыргызстандын спортчулары биринчи медалын алды. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, Дастан Каныбек уулу таймаштын аралаш түрлөрү (ММА) боюнча коло байге утту.Ал 60 кг чейинки салмакта алгачкы беттешинде жапониялык каршылашы Кожиро Накашиманы 3:0 эсебинде уткан. Чейрек финалда ирандык Чаедифар Аминди 3:0 менен жеңип, жарым финалга жолдомо алган. 21-сентябрда ал өзбекстандык Фирдавс Атамуратов менен беттешип, 0:2 эсебинде утулуп, Азия оюндарынын коло медалын тагынды.Таймаштын аралаш түрлөрү (ММА) боюнча кыргызстандык дагы бир спортчу Ырыскелди Дүйшеев 71 кг салмакта финалга чыкты.Таймаштын аралаш түрлөрү боюнча мелдештер Азия оюндарына быйыл биринчи жолу кошулду.Ушул күндөрү Жапонияда XX Азия оюндары өтүп жатат. Ага Кыргызстандан спорттун 30 түрүАзаттык ΥналгысыАзия оюндары: Дастан Каныбек уулу ММА боюнча коло байге алдыЖапонияда өтүп жаткан Азия оюндарында Кыргызстандын спортчулары биринчи медалын алды. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, Дастан Каныбек уулу таймаштын аралаш түрлөрү (ММА) боюнча коло байге утту. Ал 60 кг чейинки салмакта…
«Азаттык» радиосу
19 Sept, 11:19
Аскер прокуратурасы ӨКМдин мурдагы башчысы Бообек Ажикеев кармалганын билдирди Аскер прокуратурасы «Байтик» метеостанциясында мыйзамсыз курулуш жүргүзүлгөнүн аныктады. Курулуш уруксат документтери жок жана суу коргоо аймагында жүргүзүлгөн. Ишке байланыштууАзаттык ΥналгысыМурдагы министр Бообек Ажикеев эки айга камакка алындыМурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 18-ноябрга чейин камакка алынды. Мындай чечимди 19-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарганын “Азаттыкка” аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Аскер прокуратурасы мурдагы чиновникти…
«Азаттык» радиосу
19 Sept, 07:09
‼️Чаткалда 9-класстын окуучусу ур-токмоктон каза болдуЖалал-Абад облусунун Чаткал районунда 15 жаштагы өспүрүм ур-токмоктон каза болду. Жалал-Абад облустук милициясынын маалыматына ылайык, окуя 18-сентябрда болгон. Бул күнү 2011-жылы туулган өспүрүм Чаткал районунун Жаңы-Базар аймактык ооруканасына жетпей каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.Тергөөдө Чаткал райондук милициясы кылмышка шектүү катары 17 жаштагы үч өспүрүмдү (И.М., Н.С., Н.К., Т.А.) кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген.Маалыматка караганда, каза болгон бала 9-класстын, ал эми шек саналып кармалган үч өспүрүм 11-класстын окуучулары болгон.@azattyk_radiosuАзаттык ΥналгысыЧаткалда 9-класстын окуучусу ур-токмоктон каза болдуЖалал-Абад облусунун Чаткал районунда 15 жаштагы өспүрүм ур-токмоктон каза болду. Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, окуя 18-сентябрда болгон. Бул күнү 2011-жылы туулган (Д.Р.) өспүрүм Чаткал районунун…
«Азаттык» радиосу
19 Sept, 04:08
Кыргызстанда банктар санкцияга кабылган компаниялардын “кара тизмесин” түзөтКыргызстанда банктар санкцияга кабылган компаниялардын бирдиктүү “кара тизмесин” түзүп жатат. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри, президенттин санкциялык саясат жана санкциялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча атайын өкүлү Бакыт Сыдыков The Times of Central Asia басылмасына берген маегинде айтты.Ал Кыргызстанда санкцияларды айланып өтүүгө тиешеси бар компаниялардын ишин тез арада токтотуу менен иш алып барган жумушчу топтор түзүлгөнүн жана коммерциялык банктар менен да жумуш жүрүп жатканын билдирди.“Банктар санкцияга кабылган субъекттердин “кара тизмесин” иштеп чыгууда. Ошондуктан алар келечекте банктардын кызматын пайдалана алышпайт”, - деди ал.@azattyk_radiosuАзаттык ΥналгысыКыргызстанда банктар санкцияга кабылган компаниялардын “кара тизмесин” түзөтКыргызстанда банктар санкцияга кабылган компаниялардын бирдиктүү “кара тизмесин” түзүп жатат. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри, президенттин санкциялык саясат жана санкциялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча атайын өкүлү Бакыт Сыдыков The Times…
«Азаттык» радиосу
18 Sept, 13:49
Аскер прокуратурасы ӨКМдин мурдагы башчысы Бообек Ажикеев кармалганын билдирдиАскер прокуратурасы «Байтик» метеостанциясында мыйзамсыз курулуш жүргүзүлгөнүн аныктады. Курулуш уруксат документтери жок жана суу коргоо аймагында жүргүзүлгөн. Ишке байланыштуу ӨКМни мурда жетектеген Бообек Ажикеев кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.@azattyk_radiosuАзаттык ΥналгысыАскер прокуратурасы ӨКМдин мурдагы башчысы Бообек Ажикеев кармалганын билдирдиАскер прокуратурасы жүргүзгөн тергөөнүн жүрүшүндө «Байтик» метеостанциясынын аймагындагы кызматтык-тиричилик багытындагы имаратты курууда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызмат адамдары бир катар мыйзам бузууга барганын аныктады. Бул тууралуу 18-сентябрда…
«Азаттык» радиосу
18 Sept, 07:25
Президент окуу китептерин басып чыгарууга кошумча 7 млрд сом бөлдүПрезидент Садыр Жапаров окуу китептеринин жетишсиздигин толук жоюу үчүн кошумча 7 млрд сом бөлүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына жазды.Ал каражат маселеси чечилгенин, эми бул тармакка жооптуу жетекчилер аз убакыттын ичинде жыйынтык көрсөтүшү керектигин, эгер мамлекеттик “Учкун” ишканасынын өндүрүштүк кубаттуулугу жетишсиз болсо, өлкө ичиндеги талапка жооп берген башка басмаканаларды да ишке тартуу зарыл экенин кошумчалады.@azattyk_radiosuАзаттык ΥналгысыПрезидент окуу китептерин басып чыгарууга кошумча 7 млрд сом бөлдүПрезидент Садыр Жапаров окуу китептеринин жетишсиздигин толук жоюу үчүн кошумча 7 млрд сом бөлүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал каражат маселеси чечилгенин, эми бул тармакка…
«Азаттык» радиосу
18 Sept, 06:43
Бишкектин Ленин райондук сотунда 18-сентябрда Тилекмат Кудайберген уулунун (Күрөңов) иши боюнча отурум уланды. Түшкө чейин төрт күбө суралды, күндүн экинчи жарымына пландалган отурум болбой турганы жарыяланды. Буга прокурордун башка да сот процесси бардыгы себеп экени айтылды.Кийинки отурум 25-сентябрга белгиленди.@azattyk_radiosuАзаттык ΥналгысыТилекмат Кудайберген уулунун иши: Сотто күбөлөр суралуудаКүбөлөрдү суроо уланууда Бишкектин Ленин райондук сотунда 18-сентябрда Тилекмат Кудайберген уулунун (Күрөңов) иши боюнча отурум уланды. "Азаттык" менен учкай маегинде ал абалы канааттандырарлык экенин айтып, сотто күбө катары бир топ саясатчы суралып жатканы…
«Азаттык» радиосу
17 Sept, 12:43
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө эмне курулууда? | ЖАҢЫЛЫКТАР | 17.09.2026• Кыргызстанда мектептерге жетпей, базарда сатылып жаткан китептер боюнча чуу дале уланууда. Агартуу министрлиги менен “Учкун” ишканасы эмне дейт?• АКШнын арачылыгы менен беларустук дагы 25 саясий туткун абактан бошоду. Бул үчүн Вашингтон эки ишкананы санкциялык тизмеден чыгарды.• Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге таандык болгон үйдүн короосунда курулуш иштери жүрүүдө. башталганы белгилүү болду. Ал жерге эмне түшөт? https://www.youtube.com/watch?v=dY1cHG5MELQYouTubeАтамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө эмне курулууда? | ЖАҢЫЛЫКТАР | 17.09.2026Кыргызстанда мектептерге жетпей, базарда сатылып жаткан китептер боюнча чуу дале уланууда. Агартуу министрлиги менен “Учкун” ишканасы эмне дейт? АКШнын арачылыгы менен беларустук дагы 25 саясий туткун абактан бошоду. Бул үчүн Вашингтон эки ишкананы санкциялык…
«Азаттык» радиосу
17 Sept, 08:22
“Учкун” китепти басып чыгарарын, бирок андан ары көзөмөл кылбай турганын билдирди“Учкундун” аппарат жетекчиси Бек Иманалиевдин сөзүнө караганда, басмакана ушул тапта 11 жылдык жана 12 жылдык билим берүү системасы үчүн китептерди басып чыгарып жатат жана Агартуу министрлиги буюртма берүүчү болуп эсептелет. Ал “Учкун” өзүнө жүктөлгөн ишти өз убагында жана китептерди сапаттуу чыгарып жатканын айтып, базарларда сатылып жаткан китептер тууралуу комментарий берди.“Китептердин автору катары мамлекеттин атынан Агартуу министрлигине караштуу “Окуу китеби” басма үйү болуп эсептелет. Кыргызстанда мамлекеттик билим берүү мекемелеринен тышкары Бишкек, Ош сыяктуу чоң шаарларда менчик мектептер бар. Биз министрлик менен алдын ала макулдашуунун негизинде жеке мектептерге да буюртма менен китеп басып беребиз. Китеп биздин автордук укук менен гана чыгат. Менчик мектептер окуучуларынын саны,Азаттык Υналгысы“Учкун” китепти басып чыгарарын, бирок андан ары көзөмөл кылбай турганын билдирди“Учкун” ачык акционердик коому 17-сентябрда Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, мектептерде китептердин жетишсиздиги жана айрым китептердин базарларда сатылып жатышы боюнча түшүндүрмө берди “Учкундун” аппарат жетекчиси Бек Иманалиевдин сөзүнө караганда,…
«Азаттык» радиосу
17 Sept, 06:13
Эсеп палатасы Кыргызстанда күйүүчү майдын баасын кармоо боюнча өкмөт бөлгөн каражат натыйжасыз пайдаланылганын жарыялады. Аталган орган бул максатта "Альфа Ойл" компаниясына берилген 25 миллион доллар насыя максатсыз болгон деген жыйынтыкка келген.Буга чейин өкмөт өлкөдө кара майдын баасын туруктуу кармоо үчүн субсидия берилип жатканын жарыялаган эле.@azattyk_radiosuАзаттык Υналгысы"25 млн доллар максатсыз сарпталган". "Альфа Ойл" алган насыя, Эсеп палатасынын билдирүүсүЭсеп палатасы Кыргызстанда күйүүчү майдын баасын кармоо боюнча өкмөт бөлгөн каражат натыйжасыз пайдаланылганын жарыялады. Аталган орган бул максатта "Альфа Ойл" компаниясына берилген 25 миллион доллар насыя максатсыз болгон деген жыйынтыкка келген.
«Азаттык» радиосу
16 Sept, 13:04edited
Аялым, кызым, 3 келиним Иракта түмөдө» Кыргыз бийлигинен жардам сураган карыя | ЖАҢЫЛЫКТАР | 16.09.2026- Түштүк Корея Борбор Азиянын табигый минералдарын иштетүүгө кызыкса, чөлкөмдүн өлкөлөрү жогорку технологиялык өндүрүштү, виза, миграция маселесин жолго салууну сунуш кылды.- Мамлекет баскан окуу китептер эмнеге базарда сатылууда? Окуу башталганы мектептердеги китеп көйгөйү кайрадан күн тартибине чыкты.- Иракта камалган аялдардын жакындары бийликке кайрылып, президенттин кабыл алуусун суранууда. Ирактын түрмөлөрүндө жаткандар 2013-2017-жылдары радикал топторго азгырылгандар. https://youtube.com/live/1iUSnV4hh74YouTube«Балдарым, аялым Иракта абакта». Кыргыз бийлигинен жардам сураган карыя | ЖАҢЫЛЫКТАР | 16.09.2026- Түштүк Корея Борбор Азиянын табигый минералдарын иштетүүгө кызыкса, чөлкөмдүн өлкөлөрү жогорку технологиялык өндүрүштү, виза, миграция маселесин жолго салууну сунуш кылды. - Мамлекет баскан окуу китептер эмнеге базарда сатылууда? Окуу башталганы мектептердеги…
«Азаттык» радиосу
16 Sept, 09:53
16-сентябрда Сеулда Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттери Түштүк Кореянын лидери Ли Чжэ Мён менен кызматташтыктын жаңы багыттарын аныктаган «Сеул декларациясын» кабыл алышты."Сеул декларациясында" Түштүк Корея менен Борбор Азиянын өнөктөштүгүн институтташтыруу, тынчтык жана туруктуулук жаатында кызматташуу, инновация жана экономикалык өнүгүү, байланышты жана ишенимди күчөтүү белгиленген.2007-жылы "Корея - Борбор Азия кызматташтык форуму" катары башталып, буга чейин негизинен министрлер чогулган формат президенттердин деңгээлине көтөрүлдү.@azattyk_radiosuАзаттык ΥналгысыТүштүк Корея -Борбор Азия: табигый заттар, атом энергетикасы, миграция жана хайтек өндүрүш16-сентябрда Сеулда Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттери Түштүк Кореянын лидери Ли Чжэ Мён менен кызматташтыктын жаңы багыттарын аныктаган «Сеул декларациясын» кабыл алышты.
Related Channels
Other channels in the same section of the catalogue.
