gram news
БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ channel avatar

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

@formulakg

Formula.KG - Бактыңыздын багыты!

ProjectsKKEducation

2,837subscribers

Open the Channel

Latest posts

  • БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

    18 Sept, 03:53

    🤲 Көзүңдү жум да, Жаратканды аруулa… ⠀ Биздин жашообуз бирде кубаныч, бирде кайгы менен коштолуп турат эмеспи… ⠀ Кээде жүрөгүм кысылып, эч нерсеге көңүлүм чаппай, санаага батып кыйналган учурлар болот. Ошондой кезде жалгыз калгым келет. Анан дароо ааламдардын Раббиси болгон жалгыз Жаратканга таянып, Аны аруулоого киришем. ⠀ Көзүмдү жумуп, жашоомдо кандай гана кыйын сыноо болбосун, Аллахтын «Кун фаякуун» — «Бол!» десе, болуп калат деген кудуретин эстейм. Ушул сөздөрдү кайра-кайра кулагыма куюп, жүрөгүмө сездирип өзүмө айтып баштайм. ⠀ Ошондо кадимкидей жеңилдеп, жүрөгүм тынчып, жан дүйнөм жай ала түшкөнүн сезем… ⠀ Анткени Аллах Таала Куранда: ⠀ «Билип койгула, жүрөктөр Аллахты зикир кылуу менен гана тынчтык табат» (Раад сүрөсү, 28-аят) — деп айткан. ⠀ Менин кат куржунума да санаага батып, жан дүйнөсү тарып, жүрөгү ооруп жүргөн адамдар абдан көп жазышат. Мунун себеби эмнеде экенин ар
    WhatsApp.comWhatsApp Group Invite
  • БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

    18 Sept, 03:53

  • БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

    14 Sept, 03:56

    📍СООДАГЕР АЯШАПАМ ⠀ Жашообузда кайсы гана ишти кылбайлы, ийгиликке жетүүнүн эшигин жоопкерчилик, туруктуулук, аманатка бекем болуу, соодада тактык жана чынчылдык сыяктуу асыл сапаттар ачат. ⠀ Акыркы күндөрү ушундай сапаттарга ээ адамдарды ар бир жолуккан жүздөн, ар бир көз караштан кадимкидей издеп калдым. Анткени мындай адамдардын бирөөсү эле миңдеген жүрөктөргө үлгү боло турган алтын үрөн болот тура. ⠀ Кээ бир адамдардын кылыгынан көңүлүң ооруп, жаман жоруктарынан жакаңды кармайсың... ⠀ Мен бүгүн бир курбумдун апасы, бизде Баткенде «аяшапа» деп айтылып жүргөн адам тууралуу сөз кылгым келди. ⠀ Аяшапам базарда мезгилине жараша мөмө-жемиштерди алып-сатып, соода кылып эмгектенет. Анын соодадагы таразага салган ар бир граммына чейин тактыгы, чынчылдыгы, жумшак мамилеси жана жагымдуу сөздөрү адамдардын ишеним казынасына айланган. ⠀ Ал тургай бир сомго бир курут саткан соодагердин да
  • БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

    14 Sept, 03:56

  • БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

    9 Aug, 07:11

    💔АЖЫРЫМ ⠀ Эки дос биргеликте соода-сатык кылышчу. Бир күнү алардын бири шайтандын азгырыгына азгырылып, досуна кыянаттык кылды. Албетте, бул жерде анын нафси да өз таасирин тийгизбей койгон жок. ⠀ Бирок экөө тең бизнести биргеликте баштагандыктан, бири-бирине көнүп, үйрөнүп калышкан эле. Ошондуктан ажырап кеткилери келген жок. ⠀ Кыянаттык кылган дос: «Эми болоор иш болду. Кантсе да, ушунча жыл бирге иштедик. Досум мени кечирер», — деген ойдо жүрдү. ⠀ Экинчи досу да: «Ката кимден гана кетпейт? Кечирсем кечирейин», — деген жыйынтыкка келип калган эле. Бирок ошентсе да шеригин дагы бир жолу сынап көргүсү келди. ⠀ — Кел, досум. Бул иштин аягын акыретке калтыралы. Буга чейинки болгон иштерге көз жумуп, ишибизди келген жерден уланталы. Сен буга кандай дейсиң? — деди. ⠀ Ал бул сөзү менен досунун акыреттен корко турган-коркпой турганын билгиси келген эле. ⠀ — Жакшы ойлонупсуң, досум. Өткөн
  • БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

    9 Aug, 07:11

  • БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

    8 Aug, 04:00

  • БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

    5 Aug, 16:15

    📍ТАМ ШЫБАК ⠀ Кыштагыбызда күз келери менен там шыбоо иштери күч алчу. Бул көпчүлүктүн колу тийген иштин өзүнчө жазылбаган мыйзамдары бар эле. Биринчиден, эч ким тамын жалгыз өзү шыбабайт. Мындай ишке айылдыктардын баары ашарга келишчү. Экинчиден, бей-бечара, колу кыска үй-бүлөлөрдүн үйүнүн тамы эң биринчи шыбалчу. Кийин кезек-кезеги менен башка тамдарды шыбоо улана берчү. ⠀ Ошол күнү агайыбыздын үйүнүн тамын шыбоого ашарчылар аябай көп келишти. Анын үйү чоң жолдун боюнда эле. Тамга шыбалчу ылай да жолдун четинен казылыптыр. Көптөн бери жаткан топуракка майда саман аралашып, ылай да көңүлдөгүдөй болуптур. ⠀ Бул сапар агайдын ашарына кошунасы Азим аке баш-көз болду. Ашарчылардын бирөөсү чуңкурга түшүп ылай салып, экинчиси челектеп ылай ташып, үчүнчүсү илмек менен челекти тамдын башына тартып, биз болсок төгүлгөн ылайды акырындык менен жайып, кемелине келтире шыбап жаттык. ⠀ Ишибиз илгерил
  • БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

    5 Aug, 16:15

  • БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

    1 Aug, 03:27

  • БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

    29 Jul, 03:29

    Ар бир күн Алланын бизге берген белеги. Жашоо турмушубузда ар бир баштап жаткан, кылып жаткан иштерибизди" бисмиллах " менен баштап, жыйынтыгын Аллага тапшырып ибадатка айлантсак, ар бир кадамыбызды жакшылык иштерге шилтесек, ар бир жеген тамагыбызга, Жаратканга шүгүр айтсак, өзүбүздө бар нерселерди сезип, багып , гүлдөтсөк, аз нерселерден бакытты таап, көптөй көрүп бааласак, мына ушундай кылса гана бакыттын кайда жашынганын табабыз. Эң негизгиси кеп биздин таза ойлорубуз, тунук акылыбыз, ачык көңүлүбүз , жумшак жүрөгүбүз, таттуу тилибиз менен караңгы түндөн жарык таңды сууруп чыккан таңдын Раббысын тосуп алган жүрөгүбүздө жайгашкан..💖Бакытты башка жактан эмес өзүңдөн изде...🤗Жаңы китеп...Бактылуу болгум келет...🧕🏻Насиба Абдуллаеваhttps://chat.whatsapp.com/Cm3vECwNeNaBT3HBmAqBZ5?s=cl&p=a&ilr=1
  • БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

    29 Jul, 03:29

  • БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

    24 Jul, 03:03

    Эки жүздүүлөрдүн бири Умарга Аллах андан ыраазы болсун келип: "Ээ Умар, мен такыр намаз окубайм, бирок сенин Кудайың мени жазалабай жатат." дегенде момундардын башчысы " Сага сажда кылууну насип кылбады, мындан өткөн жаза барбы?" деп жооп берген экен...🤲Жаратканым намазыбызды акыркы демибизге чейин таштап кетпеген түбөлүктүү жолдош кылгын!🌹Жума маарек болсун жакшылар!https://chat.whatsapp.com/DxnyIsr4K3TAmuXXHD3lPw?s=cl&p=a&ilr=1
    844741Open in Telegram
  • БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

    24 Jul, 03:03

    772video31Open in Telegram
  • БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

    22 Jul, 03:43

    📖 "Эң сонун ысымдар Алланыкы. Ага ошол сонун ысымдары менен дуба кылгыла.”(Аьрааф сүрөсү, 180-аят)"Ал Рошид - Туура жолду көрсөтүүчү " Эгем менин! Бизди туура жолго салганыңдан кийин, туура жолдун акыйкатын көрбөй көр болгон көөдөнүбүздүн көзүн ачкын, жакыр болгон жан дүйнөбүздүн жаракасын Өз ырайымың менен бүтөп, кечиримиңе муктаж болгон алсыз кулдарыңды Өзүң кечир! Омиин!🧕🏻Насиба Абдуллаеваhttps://chat.whatsapp.com/EIcLz7N1SwFAZCk4ZLWYvz?s=cl&p=a&ilr=1
    73762Open in Telegram
  • БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

    22 Jul, 03:43

  • БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

    10 Jul, 00:15

    938video21Open in Telegram
  • БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

    10 Jul, 00:14

    Жума таңына ойготуп, улуу күндүн жакшылыгын насип кылган Раббыма шүгүрлөр болсун!🌹Жума маарек болсун жакшылар!
  • БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

    4 Jul, 03:23

    Аттиң, акты сатпаган кыргыз, дин үйрөнүп “дуба” сатып калдыбы?! ⠀ Илгертен ак (акча) зарылбы, ар зарылбы десе, арды бийик койгон эл элек. Салтты туу, уятты абийир тутуп, мал сойсо да, сатса дагы агын (сүтүн, майын) сатканды өөн көргөн, кошунасынын казаны кайнабай калса, өз ашын бөлүп берген кыргыз элек го. ⠀ Асмандан издегенибиз жерден табылып, динчил болуп, ыймандуу болуп кеткенибиз ушубу анан?! Кадимки эле кагазды ала калып, сыртына «Төрөттүн дубасы» деп чиймелеп, толгоосу бышып, жаны көзүнө көрүнүп жаткан эненин айласыз абалын пулдап отургандарды ким деп түшүнөбүз? Бул эмне деген шумдук? ⠀ Динди, Кудайдын сөзүн базардын утурумдук арзан товарындай соодага айланткан мындай жорук — жүрөктүн сокурлугу, ыймандын качканы эмеспи! ⠀ Дин үйрөнгөнүбүз ушулбу, же динди бетке кармап, элди тоноонун жаңы жолун тапканыбызбы? ⠀ Кана, көзүбүздү чоң ачып, тегерегибизди бир карап көрөлүчү. Биз «каапыр»
    1,0201041Open in Telegram
  • БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

    4 Jul, 03:23

    64352Open in Telegram