gram news
КР ӨКМ/ МЧС КР channel avatar

КР ӨКМ/ МЧС КР

@mchskr

🇰🇬Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин расмий Telegram каналы —- Официальный Telegram канал Министерства чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики

ProjectsKK

464subscribers

Open the Channel

Latest posts

  • КР ӨКМ/ МЧС КР

    20 Jul, 11:58

    336video1Open in Telegram
  • КР ӨКМ/ МЧС КР

    20 Jul, 11:57

    20.07.2026 ‼️СУУЧУЛДАР СОҢ-КӨЛДӨН 16 500 метр УЗУНДУКТА БАЛЫК УУЛООЧУ ТОР ЧЫГАРЫШТЫӨзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары Сөң-Көлдөгү тазалоо иштеринин натыйжасында суу түбүнөн 16 500 метр узундуктагы мыйзамсыз салынган балык уулоочу торлорду чыгарышты.Суу түбүнө кезеги менен түшүп иштеген ӨКМдин суучулдары 9 метр тереңдикке чейин түшүп, Соң-Көлдү торлордон арылтышты.
  • КР ӨКМ/ МЧС КР

    17 Jun, 04:27

    АНОНС | «ОТКРЫТЫЙ КАБИНЕТ: ОДИН ДЕНЬ С МИНИСТРОМ»Коллеги, приглашаем представителей СМИ принять участие в новом формате — «Открытый кабинет: один день с министром».В рамках проекта журналисты проведут один рабочий день вместе с министром чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики Канатбеком Чыныбаевым, чтобы увидеть работу ведомства изнутри: не только официальные встречи и совещания, но и реальные задачи, решения и ответственность руководителя службы, которая ежедневно стоит на защите жизни и безопасности граждан.Главная тема дня — «ПРИЗВАНИЕ СПАСАТЬ».Маршрут будет построен вокруг работы МЧС: объекты, где реализуются задачи по предупреждению чрезвычайных ситуаций, укреплению безопасности населения, развитию спасательной инфраструктуры и повышению готовности подразделений.Журналисты смогут увидеть министра не только как руководителя государственного органа, но и как
  • КР ӨКМ/ МЧС КР

    5 Jun, 18:23

    6.06.2026 ❗ЫСЫК-КӨЛ РАЙОНУНДАГЫ СЕЛ БОЮНЧА ЫКЧАМ МААЛЫМАТ6-июнь, түнкү саат 12:10го карата ыкчам маалымат. Учурда жерине жалпы 149 адам, 35 инженердик техника тартылган. Алар: КР Президентинин Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары жана 1 кызматкер; КР ӨКМден 102 куткаруучу; КР ИИМден 15 кызматкер; Жараткан коргонуу кызматтарынан 22 кызматкер; тез жардам кызматынан 2 бригада 8 кызматкер тартылып, селдин кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүүдө. Кошумча маалымат берилет.ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР ЫСЫК-КӨЛ БАШКАРМАЛЫГЫ
  • КР ӨКМ/ МЧС КР

    5 Jun, 16:20

    5.06.2026БАЛЫКЧЫ — АНАНЬЕВО — КАРАКОЛ УНАА ЖОЛУНДА СЕЛ ЖҮРҮП, УБАКТЫЛУУ ЖАБЫЛДЫЫсык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда алдын ала маалымат боюнча, саат 20:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Балыкчы — Ананьево —Каракол унаа жолунун болжол менен 100 чакырымын каптап, эки тараптуу жабылып, 2-3 унаа туруп калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.Жерине Ысык-Көл райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ тартылган. Кошумча маалымат берилет.ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР Ысык-Көл башкармалыгы
  • КР ӨКМ/ МЧС КР

    20 May, 05:30

    ӨКМ Ысык-Көл, Жалал-Абад облусунда жана Ош шаарында селдин кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүүдө Кечээ, 19-майда Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарында жана Ош шаарында катуу жаандан улам сел жүрүп, бир катар объектилерди суу каптаган. ӨКМ кызматкерлери селдин кепеттерин жоюу иштерине тартылып, жер-жерлерде ыкчам аракеттер көрүлүүдө. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 2026-жылдын 19-майында саат 19:30 чамасында Маман айылында кокту колоттордон келген сел суулары Каракол – Эңилчек унаа жолунун 10-чакырымындагы жолдун жээгин жеп, жалпы 11 турак үйдүн короо жайларын каптаган (Маман айылында - 4, Отуз-Уул айылында - 3, Үч – Кайнар айылында - 4). ӨКМ кызматкерлери Отуз-Уул, Үч-Кайнар айылдарында суу каптоо коркунучун жоюп, Маман айылында жумуштар улантылууда. Ал эми 11 турак үйдүн короолорун каптаган суулар жерге сиңип кеткен. Ал эми Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда кечээ мөндүр аралаш
  • КР ӨКМ/ МЧС КР

    12 May, 06:16

    300video3Open in Telegram
  • КР ӨКМ/ МЧС КР

    12 May, 06:15

    12.05.2026 ӨМҮРГӨ, КӨЛГӨ КОРКУНУЧ ЖАРАТКАН ТОРЛОР...
  • КР ӨКМ/ МЧС КР

    11 May, 08:53

    291video1Open in Telegram
  • КР ӨКМ/ МЧС КР

    23 Apr, 09:30

    375video11Open in Telegram
  • КР ӨКМ/ МЧС КР

    23 Apr, 09:28

    23.04.2026 БИР ҮЙ-БҮЛӨ КЫРЫЛЫП КАЛГАНДАЙ... КАНАТУУЛАРГА БООРУҢ ООРУЙТ⤵️
  • КР ӨКМ/ МЧС КР

    14 Apr, 06:47

    14.04.2026 ЧУҢКУРЧАК ЖАЙЛООСУ ТАРАПТА ТООНУН БООРУНАН ӨРТ ЧЫКТЫ Чүй облусунун Аламүдүн районунда алдын ала маалымат боюнча, Аламүдүн коктусундагы Чуңкурчак жайлоосу тарапта тоонун боорунда кургак чөп жана арчалардан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түштү. Өрттү өчүрүүгө саат 12:11де Октябрь райондук №5 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, Аламүдүн райондук №1 өрт-куткаруу бөлүгүнөн авариялык куткаруу унаасы менен 5 куткаруучу жана ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгынын башчысынын жетекчилигинде ыкчам топ (3 кызматкер) жөнөп кетти. Кошумча саат 12:32де Сокулук райондук №23 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 5 куткаруучу, Токой кызматынан 10 кызматкер, жалпы 27 кызматкер тартылды. Кошумча маалымат берилет. КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР
  • КР ӨКМ/ МЧС КР

    13 Apr, 11:06

    13.04.2026 КАНЧАЛЫК КАЛЫҢ КИЙИНСЕҢ ДА СУУК СӨӨКТӨН ӨТҮП, ЧУЧУККА ЖЕТЕТ...ӨКМдин Суучулдар кызматынын улук суучул-нускоочусу Азамат Токтоналиев.КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР
  • КР ӨКМ/ МЧС КР

    11 Apr, 19:55

    267video1Open in Telegram
  • КР ӨКМ/ МЧС КР

    10 Apr, 07:28

    264video1Open in Telegram
  • КР ӨКМ/ МЧС КР

    10 Apr, 07:28

    10.04.2026 ЭСКИ ТОРЛОРДО ЧИРИГЕН БАЛЫКТАР...⤵️
  • КР ӨКМ/ МЧС КР

    8 Apr, 09:05

    АК-САЙ АЙЫЛЫН СЕЛ КООПТУУЛУГУНАН КОРГООГО АЛГАН КАНАЛДЫН ЖЭЭГИ БЕКЕМДЕЛҮҮДӨ ӨКМге караштуу Сел жана суу ташкындарынан коргоо кызматы тарабынын Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Ак-Сай айылында узундугу 1823 м түзгөн сел өтүүчү каналдын жээги бекемделүүдө. Айыл тургундарын түйшүккө салган каналдын нугу жыл сайын жүргөн селден улам кумга толуп калган. Аба ырайынын жогорулашынан улам жаандын жаашы кайрадан сел жүрүү кооптуулугун жараткандыктан ишти тез арада бүтүрүү тапшырмасы коюлган. 22-мартта башталган жумушка жалпы 2 экскаватор, 1 жүк ташуучу унаа тартылып, арыктын нугун тазалап, жээгин бекемдөө иши апрель айынын ортосунда бүтүрүү каралган. Натыйжада 437 турак жайдан турган жалпы Ак-Сай айылы, 30 гектар айдоо аянты сел каптоо кооптуулугунан коргоого алынат. ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР Ысык-Көл башкармалыгы
  • КР ӨКМ/ МЧС КР

    8 Apr, 09:05

  • КР ӨКМ/ МЧС КР

    7 Apr, 11:58

  • КР ӨКМ/ МЧС КР

    7 Apr, 10:41

    07.04.2026 АР БИР КОМАНДИР — ӨЗ ДООРУНУН ЖҮЗҮ...1999-2000-жылдардагы Баткен окуясында тоосунда тоңуп, курал кармап, элди жерди коргогондордун курамында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары да болгон.Мына ушундай коогалаңдан кийин Баткен облусунун аймагында катталган өзгөчө кырдаалдардын кесепеттеринен калкты жана аймакты сактоо, кырсыктан куткаруу максатында 2000-жылдын 25-апрелинде Баткен районунун Кызыл-Жол айылында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 86017 аскер бөлүгү түптөлгөн.Бул аскердик бөлүк Үчүнчү издөө-куткаруу отряды аталып, жаңы тарых барактарын мындан 26 жыл мурда ачкан.