gram news
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги channel avatar

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги

@minselhoz_kg

ProjectsKK

583subscribers

Open the Channel

Latest posts

  • Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги

    22 Sept, 11:22

    Бүгүн, 22-сентябрда, Түркия Республикасынын Измир шаарында министринин орун басары Мирбек Дүйшеев «COP31ге карай: “суу – азык-түлүк – климат” өз ара байланышын практикалык ишке ашыруу» аттуу аймактык семинардын алкагында өткөн өлкөлүк тегерек столдо сөз сүйлөдү. 🔰Өз сөзүндө Мирбек Дүйшеев Кыргызстан үчүн суу ресурстары, азык-түлүк коопсуздугу жана климаттын өзгөрүшү бири-бири менен тыгыз байланышта экенин белгиледи. Өзгөчө айыл чарбасынын суу ресурстарына жана климаттык шарттарга көз карандылыгы жогору экенине токтолду. 🔰Ошондой эле 2025–2030-жылдарга карата азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу программасынын маанилүүлүгү белгиленип, азык-түлүк системаларын туруктуу өнүктүрүү, илимий базаны чыңдоо жана тармактар аралык кызматташтыкты күчөтүү маселелери талкууланды. 🔰Мындан тышкары, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн климаттын өзгөрүшүнө байланышкан жалпы чакырыктарды биргелешип чечүүсүнүн
  • Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги

    22 Sept, 11:18

  • Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги

    22 Sept, 09:56

    Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулунун Айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча эл аралык фондунун (ИФАД) Кыргыз Республикасындагы жаңы директору Тарек Абдельмонем менен жолугушуусу өттү. 🔰Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар айыл чарбасын, мал чарбачылыгын жана айыл аймактарын өнүктүрүү багыттарындагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана мындан аркы перспективаларын талкуулашты. Ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү, артыкчылыктуу багыттар жана өз ара аракеттенүүнү мындан ары күчөтүү боюнча пикир алышты. 🔰Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасы менен ИФАДдын кызматташтыгы 2009-жылдан бери уланып келет. Өткөн мезгил аралыгында Фонддун колдоосу менен айыл жериндеги үй-бүлөлөрдү колдоого алуу, айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүү, фермерлер менен кайра иштетүүчү ишканалардын
  • Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги

    22 Sept, 09:56

  • Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги

    22 Sept, 09:07edited

    Республика боюнча малдын өлүктөрүн ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык утилдештирүү үчүн 269 Беккари чуңкуру жана 39 крематорий (инсинератор) бар. 🔰Беккари чуңкурлары өлгөн малдын өлүктөрүн коопсуз көмүү жана зыянсыздандыруу үчүн атайын уюштурулган объект болуп саналат. Алардын сыйымдуулугу чектелүү болгондуктан, белгилүү убакыттан кийин толуп калат. Мындай учурда санитардык талаптарга ылайык жабылып, жаңы объект уюштурулушу керек. 🔰Малдын өлүктөрүн өз убагында жана коопсуз утилдештирүү үчүн ар бир айылда же айыл аймагында Беккари чуңкурун уюштуруу зарыл. Бул жугуштуу оорулардын жайылышын алдын алууга жана айлана-чөйрөнү коргоого жардам берет. 🔰Ал эми инсинераторлор малдын өлүктөрүн жана ветеринардык жактан кооптуу биологиялык калдыктарды жогорку температурада өрттөп жок кылууга мүмкүндүк берет. Бул ыкма утилдештирүүнү тез жүргүзүп, калдыктардын айлана-чөйрөгө таралуу коркунучун
  • Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги

    22 Sept, 08:31

  • Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги

    21 Sept, 09:44

    «Кыргызсуу долбоор» ААК Казакстан жана Өзбекстандын компаниялары менен заманбап сугат системаларын өнүктүрүү боюнча меморандумдарга кол койду. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы «Кыргызсуу долбоор» ААКтын Башкармалыгынын төрагасы Эрмек Дурусалиев баштаган делегация 15–18-сентябрь күндөрү Казакстан жана Өзбекстанга иш сапары менен барды. 🔰Алматы шаарында кыргыз делегациясы «ADAMANT Inc.» ЖЧКсынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жолугушууда тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системаларын киргизүү, ошондой эле Кыргызстандын климаттык жана гидрологиялык шарттарын эске алуу менен долбоордук чечимдерди иштеп чыгуу маселелери талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. 🔰Ташкент шаарында «Кыргызсуу долбоор» ААКтын өкүлдөрү DEBYUT
  • Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги

    21 Sept, 09:43

  • Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги

    21 Sept, 08:39

    Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рысгүл Акимжанова Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Аксы жана Ноокен райондорундагы айыл чарба ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты. 🔰Аксы районунун Кербен шаарында министрдин орун басары соода-логистикалык борбордун ишин көрдү. Учурда борбордо жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн малинасы сакталууда. Борбор мөмө-жемиштердин дээрлик бардык түрүн сактоого ылайыкташкан. 🔰Иш сапар Ноокен районунда уланып, «Дыйкан Ордо» ЖЧКсынын алдында иштеген пахтаны кайра иштетүүчү заводдун ишмердүүлүгү менен таанышты. Ишкана жергиликтүү тургундардан пахта сырьёсун сатып алып, кайра иштетет жана даяр продукцияны чет өлкөлөргө экспорттойт. Учурда заводдо жаңы түшүмдү кайра иштетүүгө даярдык жүрүүдө. 🔰Айыл чарба продукциясын сактоо жана кайра иштетүүчү ишканалардын ишин кеңейтүү жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн рынокко
  • Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги

    21 Sept, 08:39

  • Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги

    21 Sept, 04:37

    19-сентябрда эт-май багытындагы «Арашан» асыл тукум койлорун өнүктүрүүгө арналган эл аралык фестиваль болуп өттү. 🔰Иш-чарага Өзбекстан, Россия, Тажикстан жана Казстандан келген фермерлер, ата мекендик малчылар жана айыл чарба тармагынын өкүлдөрү катышты. 🔰Фестивалда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу сөз сүйлөп, асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик колдоолорго токтолду. 🔰Ал «Арашан» койлорун экспортко чыгаруу, асыл тукум статусун алуу жана фермерлер үчүн 3% жеңилдетилген насыя мүмкүнчүлүктөрүн белгиледи. 🔰«Арашан» койлорунун санын көбөйтүү, сапатын жогорулатуу жана эл аралык рынокко чыгаруу — мал чарбачылыгын өнүктүрүүнүн маанилүү багыттарынын бири. 🔰Эл аралык фестиваль тажрыйба алмашууга, кызматташтыкты кеңейтүүгө жана ата мекендик асыл тукум кой чарбасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. ⏭️⏭️⏭️⏭️
  • Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги

    21 Sept, 04:36

  • Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги

    18 Sept, 11:43

    Жаз — жарыш, күз — күрөш! 🌾Күзгү оруп-жыйноо өнөктүгү кызуу уланууда. Бул — дыйкандын эрте жаздан башталган түйшүгү менен маңдай теринин үзүрү. Топуракка үрөн салып, күндүн ысыгына, суугуна карабай эмгектенген дыйкандын мээнети бүгүн түшүм болуп кайтып келет.Ар бир талаадагы эмгек акталып, кампалар данга толсун, түшүм берекелүү болсун! Дыйкандын маңдай тери үзүрүн берип, эмгеги элге береке алып келсин! 🌾
  • Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги

    18 Sept, 11:43

  • Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги

    18 Sept, 10:53

    Кыргызстанда БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) колдоосу менен «Табигый Кыргыз Жаңгагы» брендинин Улуттук маркетинг планы иштелип чыкты. Жыйынтыктоочу жыйын Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде өтүп, ага министрдин орун басары Рысгүл Акимжанова катышты. 🔰Брендди өнүктүрүүнүн негизги максаты — кыргыз жаңгагын ички жана эл аралык рыноктордо таанытуу, анын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана жергиликтүү жамааттар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү. Кыргызстанда жылына 44 миң тоннадан ашык жаңгак жыйналып, аны чогултуу жана сатуу көптөгөн жергиликтүү тургундар үчүн киреше булагы болуп саналат. 🔰Маркетинг планында бренддин логотибин жана визуалдык стилин иштеп чыгуу, продукцияны маркалоо жана QR-код системасын киргизүү, социалдык тармактар аркылуу жайылтуу, ошондой эле кыргыз жаңгагын эл аралык көргөзмөлөрдө жана
  • Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги

    18 Sept, 10:53