gram news
КР ССМ/Минздрав КР channel avatar

КР ССМ/Минздрав КР

@minzdravkr

Официальный Telegram-канал Министерства здравоохранения КР КР Саламаттык сактоо министрлигинин расмий Telegram-каналы 🌐www.med.kg https://www.facebook.com/MinzdravKG https://www.instagram.com/minzdravkg_official @mz_kr_info_bot

ProjectsKK

810subscribers

Open the Channel

Latest posts

  • КР ССМ/Минздрав КР

    22 Sept, 11:50

    Кыргыз Республикасында КРВИ жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык абалОорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти республика боюнча грипп жана курч респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ) менен ооругандардын санына жума сайын мониторинг жүргүзүп турат. Мониторингдин маалыматтарына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 38-жумасында (2026-жылдын 12–18-сентябры) Кыргыз Республикасында КРВИнин 4 366 учуру катталган. Оорунун көрсөткүчү 100 миң калкка 59,5 учурду түздү. Оорунун деңгээли өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөргө дээрлик туура келет. Тактап айтканда, 2025-жылдын 38-жумасында КРВИнин 4 298 учуру катталып, оорунун көрсөткүчү 100 миң калкка 59,57 учурду түзгөн. Ооругандардын жалпы санынын 74,2 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзөт.🛡Респиратордук инфекциялардын жайылышын азайтуу үчүн төмөнкү жөнөкөй алдын алуу чараларын сактоо
    EGOV.KGКыргыз Республикасында КРВИ жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык абалОорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти республика боюнча грипп жана курч респиратордук вирустук инфек
  • КР ССМ/Минздрав КР

    19 Sept, 10:14

    Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери жана ага караштуу уюмдар жалпы республикалык ишембиликке жигердүү катышты2026-жылдын 19-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жалпы республикалык ишембилик өттү.Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов өзү баштаган министрликтин борбордук аппаратынын, ошондой эле ага караштуу мекеме-уюмдардын кызматкерлери жигердүү катышышты.https://egov.kg/kg/ministry/health/news/47673Сотрудники Министерства здравоохранения и подведомственных организаций приняли активное участие в общереспубликанском субботнике19 сентября 2026 года в рамках реализации Указа Президента Кыргызской Республики «О Национальном дне
    EGOV.KGСаламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери жана ага караштуу уюмдар жалпы республикалык ишембиликке жигердүү катышты2026-жылдын 19-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү бо
  • КР ССМ/Минздрав КР

    18 Sept, 16:14

    🇰🇬🇰🇿 Бишкекте Казак медицинасынын күндөрү жыйынтыкталды: кызматташтыктын жаңы багыттары аныкталды #Дниказакхскоймедицины2026 #Казакмедицинасынынкүндөрү2026
    110video1Open in Telegram
  • КР ССМ/Минздрав КР

    18 Sept, 09:01

    🇰🇬🇰🇿Бишкекте Казак медицинасынын күндөрү жыйынтыкталдыБүгүн, 2026-жылдын 18-сентябрында И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында Кыргыз Республикасында 15–18-сентябрь күндөрү өткөн Казак медицинасынын күндөрүнүн жыйынтыгы чыгарылды.Жыйынтыктоочу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов, Казакстан Республикасынын саламаттык сактоо боюнча вице-министри Манас Рамазанов, Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Абылкаир Скаков, ошондой эле эки өлкөнүн медициналык уюмдарынын, илимий борборлорунун жана медициналык жогорку окуу жайларынын жетекчилери катышты.Бул күндөрү Кыргызстандын жана Казакстандын алдыңкы адистери биргелешкен операцияларды, клиникалык консультацияларды, мастер-класстарды, илимий-практикалык сессияларды жана билим берүү иш-чараларын өткөрүштү. Иш-чаралар
    EGOV.KGБишкекте Казак медицинасынын күндөрү жыйынтыкталдыБүгүн, 2026-жылдын 18-сентябрында И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында Кыргыз Республикасында 15–18-сентябрь күндөрү өт
  • КР ССМ/Минздрав КР

    17 Sept, 16:15

  • КР ССМ/Минздрав КР

    17 Sept, 16:07

    Дамир Осмонов: реабилитациялык жардам аймактарда да жеткиликтүү болушу керекКыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Бишкек шаарындагы Балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борборуна барып, мекеменин ишинин уюштурулушу, адистердин ишмердүүлүгү жана балдар үчүн түзүлгөн шарттары менен таанышты.Бүгүнкү күндө Борбор балдарга жана үй-бүлөлөргө медициналык-социалдык, психологиялык-педагогикалык жана реабилитациялык жардамды комплекстүү көрсөтүүчү дисциплиналар аралык мекеме болуп саналат. Борбордо ар түрдүү багыттагы адистер, анын ичинде эрте кийлигишүү жана реабилитация боюнча адистер эмгектенет.Иш сапардын жүрүшүндө талкууланган негизги маселелердин бири — аймактардагы балдар үчүн реабилитациялык жардамдын жеткиликтүүлүгү болду. Министр аймактардан келген адистерди Борбордун базасында окутуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды. Бул келечекте
  • КР ССМ/Минздрав КР

    17 Sept, 05:36

    👶 Бишкекте үч эм төрөлдү2026-жылдын 17-сентябрында Бишкек шаардык перинаталдык борборунда кесарево операциясынын жардамы менен үч эм төрөлдү. Бишкек шаарынын 26 жаштагы тургуну 28-августта мөөнөтүнөн мурда төрөт коркунучу, аз кандуулук жана шишиктер менен перинаталдык борборго жаткырылган. Бул анын үчүнчү төрөтү. Үч эркек бала кош бойлуулуктун 36-жумасында төрөлгөн. Ымыркайлардын салмагы 2750, 2600 жана 2750 граммды түздү. Учурда эне менен жаңы төрөлгөн ымыркайлардын абалы канааттандырарлык.👶 В Бишкеке родилась тройня17 сентября 2026 года в Городском перинатальном центре путем операции кесарева сечения родилась тройня. 26-летняя жительница Бишкека поступила в центр 28 августа с угрозой преждевременных родов, анемией и отёками. Это её третьи роды. Три мальчика родились на 36-й неделе беременности. Вес новорождённых составил 2750, 2600 и 2750 граммов. Состояние родильницы и
  • КР ССМ/Минздрав КР

    16 Sept, 07:27

    Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖДИН ДИРЕКТОРУ БОШ КЫЗМАТ ОРДУНА КОНКУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН КАЙРАДАН АРЫЗДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУНУ ЖАРЫЯЛАЙТ🏥Талас медициналык колледжинин директору Дареги: Талас шаары, Манас көч., 199🖇Бардык документтер папкага салынып, министрликтин med.kg сайтында жарыяланган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде (2026-жылдын 16-сентябрынан тартын 2026-жылдын 29-сентябрына чейин) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Адам ресурстары жана укутук камсыздоо башкармалыгына тапшырылышы зарыл. Бишкек ш., Москва көч., 148, № 5, каб. ☎️Маалымат телефону: 0312 66-35-35‼️Эскертүү: Талаптарга жооп берген гана катышуучулар сынакка катышууга чакырылат. Байланыш телефон номерлери жана электрондук почталар сөзсүз көрсөтүлүшү абзел.🔻https://egov.kg/kg/ministry/health/news/47534Министерство здравоохранения Кыргызской
    EGOV.KGТалас медициналык колледжинин директорунун бош кызмат ордуна талапкерлерден документтерди кайрадан кабыл алуу башталдыКыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖДИН ДИРЕКТОРУ бош кызмат ордуна конкурска катышуу үчүн кайрадан талапкерлерден
  • КР ССМ/Минздрав КР

    16 Sept, 07:01

    Бишкекие мамлекеттик заманбап фармацевтикалык кампа-логистикалык комплексинин курулушун баштоого мезгил кутусун салуу аземи болуп өттүВ Бишкеке прошла церемония закладки капсулы под строительство современного государственного фармацевтического комплекса
  • КР ССМ/Минздрав КР

    16 Sept, 06:54

    Бишкекте «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын жаңы кампасынын курулушу башталды. Cаламаттык сактоо министри Дамир Осмонов жеке фармацевтикалык логистикалык комплексинин ишке кириши менен эмне өзгөрөт жана дары-дармектерди аймактарга жеткирүү системасы кандайча жолго коюлуп жатканы тууралуу айтып берди.В Бишкеке началось строительство нового склада ГП «Кыргызфармация». О том, что изменится с появлением собственного фармацевтического логистического комплекса и как уже выстраивается система доставки лекарств в регионы, рассказал министр здравоохранения Дамир Осмонов.
  • КР ССМ/Минздрав КР

    16 Sept, 06:49

    МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик заманбап фармацевтикалык кампа-логистикалык комплексинин курулушун баштоого мезгил кутусун салуу аземине катыштыБишкек шаары, 2026-жылдын 16-сентябры – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Саламаттык сактоо министрлигине караштуу “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын заманбап фармацевтикалык кампа-логистикалык комплексинин курулушун баштоого мезгил кутусун салуу аземине катышты. Анда сөз сүйлөгөн МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн дары-дармек коопсуздугун бекемдей турган жаңы мамлекеттик системанын пайдубалы түптөлүп жатканын айтып, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан элди сапаттуу, коопсуз жана жеткиликтүү дары-дармек менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу тууралуу так талап коюп келгенин билдирди.https://egov.kg/kg/minist
    EGOV.KGМинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик заманбап фармацевтикалык кампа-логистикалык комплексинин курулушун баштоого мезгил…Бишкек шаары, 2026-жылдын 16-сентябры – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясын
  • КР ССМ/Минздрав КР

    16 Sept, 05:55edited

    Жалал-Абад медициналык колледжинин директорунун бош кызмат ордуна талапкерлерден документтерди кайрадан кабыл алуу башталдыСынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл: -Паспорт; -Арыз; -кадрларды эсепке алуу боюнча толтурулган өздүк баракча (иш жүзүндө жашаган жеринин дарегин жана телефонун көрсөтүү менен); -Резюме -белгиленген тартипте күбөлүндүргөн билим жөнүндө документтин көчүрмөсү (нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан); -белгиленген тартипте күбөлүндүрүлгөн эмгек китепчесин көчүрмөсү (нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан); -Соттолбогондугу тууралуу маалымкат; -Дипломдун көчүрмөсү (нотариус аркылуу же акыркы иштеген жери тарабынан тастыкталган ); -Нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан тастыкталган эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); 3x4 өлчөмүндөгү 2 сүрөт.Бардык документтер папкага тиркелип, Министрликтин
    EGOV.KGОбъявляется повторный приём заявлений на замещение вакантной должности директора Жалал-Абадского медицинского колледжаМинистерство здравоохранения Кыргызской Республики объявляет повторный прием заявлений на замещение вакантной должности:Директора Жалал-Абадского меди
  • КР ССМ/Минздрав КР

    15 Sept, 13:58

    Саламаттык сактоо министрлигинде медициналык кароолорду уюштурууга жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары талкууландыКыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмоновдун тапшырмасынын негизинде алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү уюмдарында медициналык кароолорду уюштуруу боюнча мониторинг жана баалоо жүргүзүлдү. Жер-жерлерде жүргүзүлгөн иштердин жүрүшүндө жарандарды кабыл алууну уюштуруу, бейтаптарды медициналык кызмат көрсөтүүнүн тиешелүү баскычтарына багыттоо, адистердин ортосундагы иш жүгүн бөлүштүрүү, медициналык кароолордун графиктери жана калкка маалымат берүү маселелери изилденди. Мониторингдин жыйынтыктары Саламаттык сактоо министрлигинин республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери менен өткөрүлгөн жумалык кеңешмесинде талкууланды. Талкуунун жыйынтыгында медициналык кароолордун жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга, жарандардын агымын
    EGOV.KGСаламаттык сактоо министрлигинде медициналык кароолорду уюштурууга жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары талкууландыКыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмоновдун тапшырмасынын негизинде алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү уюмдарында м
  • КР ССМ/Минздрав КР

    15 Sept, 13:15

    Ысык-Ата ЖДПБнын аймагында жаңы ҮДТ, тез жардам имараты, сейил бак жана балдар аянтчасы ачылдыБүгүн, 2026-жылдын 15-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Ысык-Ата районунун Жалпы дарыгерлик практика борборуна барып, бир катар жаңы объектилердин — үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун (ҮДТ), тез медициналык жардам кызматынын жаңы имаратынын, сейил бактын жана балдар аянтчасынын ачылышына катышты.Жаңы объектилердин ачылышы Кант шаарынын тургундары үчүн медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга, ошондой эле медициналык адистердин иштөөсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.Учурда Ысык-Ата ЖДПБнын курамында 21 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу (ҮДТ) жана 35 фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) бар. Мекеме 220 миңден ашуун калкка медициналык кызмат көрсөтөт.https://egov.kg/kg/ministry/health/news/47503На территории ЦОВП Ысык-Ата
    EGOV.KGЫсык-Ата ЖДПБнын аймагында жаңы ҮДТ, тез жардам имараты, сейил бак жана балдар аянтчасы ачылдыБүгүн, 2026-жылдын 15-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Ысык-Ата районунун Жалпы дарыгерлик практика борбор
  • КР ССМ/Минздрав КР

    15 Sept, 02:51edited

    🇰🇬🇰🇿 Бишкекте Казак медицинасынын күндөрү башталды15–18-сентябрда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасындагы Казак медицинасынын күндөрү өтөт. Бул Кыргызстан менен Казакстандын медициналык адистеринин ортосунда тажрыйба алмашууга жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган ири кесиптик иш-чара.Иш-чараларга Казакстандын алдыңкы медициналык уюмдарынын жана жогорку окуу жайларынын адистери катышат. Төрт күндүн ичинде академик М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда, Тез медициналык жардам клиникалык ооруканасында, Улуттук онкология жана гематология борборунда, И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында жана башка медициналык мекемелерде лекциялар, илимий-практикалык конференциялар, мастер-класстар, клиникалык талкуулар, бейтаптарга консультациялар жана биргелешкен операциялар өткөрүлөт.htt
    EGOV.KGБишкекте Казак медицинасынын күндөрү башталат15–18-сентябрда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасындагы Казак медицинасынын күндөрү өтөт. Бул Кыргызстан менен Казакстандын медициналык адистеринин о
  • КР ССМ/Минздрав КР

    14 Sept, 19:00

    🍂 АЛЛЕРГИЯСЫЗ КҮЗ: АТА-ЭНЕЛЕР ЭМНЕНИ БИЛИШИ КЕРЕК?Күзүндө балдарда мурундан суу агуу, чүчкүрүү, мурундун бүтүшү, көздүн кычышып-кызарышы, жөтөл, кышылдап дем алуу жана теридеги аллергиялык белгилер кайрадан пайда болушу же күчөшү мүмкүн.Кыргызстандын шартында сезондук чаң аллергиясы менен катар үйдөгү чаңга, үй чаңындагы кенелерге, көгөргөн жана башка аллергендерге да көңүл буруу маанилүү.👨‍⚕️ Балдар аллергологу, медицина илимдеринин доктору, профессор Шайирбек Сулайманов кеңеш берет:🏠 Үйдө нымдуу тазалоону үзгүлтүксүз жүргүзүп, бөлмөлөрдү желдетип, ашыкча нымдуулукка жана көгөрүүгө жол бербеңиз. Төшөнчү жабдыктарды үзгүлтүксүз жууп туруңуз.🚿 Сейилдөөдөн кийин баланын бетин, колун жууп, сезондук аллергия күчөгөн учурда душка түшүрүп, кийимин алмаштыруу сунушталат.🔬 Аллергиянын себебин так аныктоо маанилүү.💊 Дарылоо антигистаминдер менен гана чектелбейт.Эгер белгилер
    EGOV.KGАллергиясыз күз: балдардагы аллергиянын алдын алуу, заманбап диагностика жана дарылоосу жөнүндө ата-энелер эмнени билиши керекБалдар аллергологу, медицина илимдеринин доктору, профессор Шайирбек Сулаймановдон кеңешКүз мезгилинин келиши менен көптөгөн балдарда мурундан суу агу
  • КР ССМ/Минздрав КР

    14 Sept, 11:29

    https://youtu.be/FSvvkYw_NQA
    YouTubeПротиводействие коррупции начинается с личной ответственности!Enjoy the videos and music you love, upload original content, and share it all with friends, family, and the world on YouTube.
  • КР ССМ/Минздрав КР

    14 Sept, 11:19

    https://youtu.be/7eiL-7dBUCw
    YouTubeКоррупцияга каршы күрөш - жеке жоопкерчиликтен башталат!Enjoy the videos and music you love, upload original content, and share it all with friends, family, and the world on YouTube.
  • КР ССМ/Минздрав КР

    12 Sept, 10:11

    Талас облусунда майрамдык иш-чараларга күчөтүлгөн медициналык коштоо уюштурулду11–12-сентябрда Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында Талас облусундагы майрамдык иш-чаралардын катышуучуларына жана конокторуна медициналык жардамды өз убагында көрсөтүү максатында күчөтүлгөн медициналык коштоо уюштурулду. Медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн Бишкек шаарындагы Тез медициналык жардам борборунан Талас облусуна 4 тез жардам бригадасы, анын ичинде 2 кардиологиялык жана 2 реанимациялык бригада жөнөтүлдү. Мындан тышкары, медициналык коштоону Талас облустук бириктирилген ооруканасынын 4 бригадасы, Талас райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун 2 бригадасы, Айтматов жалпы дарыгерлик практика борборунун 1 бригадасы жана Бакай-Ата жалпы дарыгерлик практика борборунун 1 бригадасы камсыз кылды. Талас шаарынын борбордук
    EGOV.KGТалас облусунда майрамдык иш-чараларга күчөтүлгөн медициналык коштоо уюштурулду11–12-сентябрда Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында Талас облусундагы майрамдык иш-чаралардын к
  • КР ССМ/Минздрав КР

    10 Sept, 05:21

    Кыргызстанда биринчи роботтоштурулган хирургиялык система тааныштырылдыБүгүн, 10-сентябрда, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында Кыргызстандагы алгачкы роботтоштурулган хирургиялык системанын презентациясы болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов, Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешов жана Нилуфар Алимжанова, медициналык коомчулуктун өкүлдөрү, саламаттык сактоо системасынын жетекчилери жана адистери, ошондой эле КММАнын окутуучулары жана кызматкерлери катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө конокторго роботтоштурулган системанын иштөө принциби жана анын хирург үчүн мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү. Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов хирургиялык консолго отуруп, системаны башкарууну өзү сынап көрдү. Министр «робот-хирург» деп аталганына карабастан, операция учурундагы бардык аракеттерди дарыгер аткарарын жана көзөмөлдөрүн белгиледи.
    EGOV.KGКыргызстанда биринчи роботтоштурулган хирургиялык система тааныштырылдыБүгүн, 10-сентябрда, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында Кыргызстандагы алгачкы роботтоштурулган хирургиялык системанын презентациясы болуп ө