Latest posts

Турат Алыбаев
20 Sept, 12:35
iPhone 18 иңер жакшы эле иштеп атырбы, көнө албай жатабыз го, жүдөп эле 😊☺️
Турат Алыбаев
24 Aug, 05:17

Турат Алыбаев
23 Aug, 03:24
Биз үчүн кубанычтуу кабар!Дагы бир колдонмобуз Апп Сторго чыгып алды.Эми Плей Маркетти күтүп жатабыз.
Турат Алыбаев
11 Aug, 11:56
Буюрса долбоорлорубуз биринин артынан бири чыгууда.Кайсы бири ийгиликтүү болуп кетет, кайсы бири өз максатына жетпей калат.Кандай болсо да, биз ошого даярбыз.
Турат Алыбаев
3 Aug, 13:36

Турат Алыбаев
3 Aug, 05:17
Ушундай да енди, ушундай да 😁
Турат Алыбаев
21 Jul, 13:23
📞 Өзүм чалып коем!👋🏻 Ассалоому алейкум, урматтуу окурманым! Амансыздарбы, байкасам көптөн бери жазбай калыптырмын, бул ирет жазып пост чыгарайын дедим.❓ Билесиздерби, бизде аябай сонун бир маселе бар, “Өзүм чалып коем” – дейт, же жумуш издеген учурда, же кандайдыр бир маселе менен бир жерлерге барганда “биз сизге өзүбүз байланышып коебуз”, “биз сизге чалып коебуз” – дешет.🔸 Жакында эле ушундай бир окуя болду, бир таанышым, “өзү чалып коем деди эле, күтүп жатам” – деп калды. Ошондо ага өз оюмду айтып калдым. Өзүң чала бер, алар сага чалышпайт деп.🔸Бул жашоонун чындыгы ушундай экен, өзү чалып койбойт эч качан. Сиздин жумушуңуз үчүн, азыр бирөө сизге чалып койбойт. Жөн гана ушундай. Ооба, чынчыл адамдар бар, алар сөзсүз чалат, бирок жашоонун чындыгы, көпчүлүк азыр чалбайт. Мен деле эч кимге сөз бербейт, айрымдар айтат айтып коесузбу, чалып коесузбу, жазып коесузбу деп калышат,
Турат Алыбаев
9 Jul, 07:39
https://youtu.be/ktIROyY1yBgYouTubeМобилдик колдонмо иштеп чыгуучулар менен маектешүү#Turatkg #Turat_Alybaev #Турат_Алыбаев #Билимдүүгө_Дүйнө_Жарык Бул жолугушууда Руслан Курманов - Амазон компаниясынын Андроид, Жава програмчысы, жана Нурбол Чоробаев - Болт компаниясынын Андроид, Жава програмчысы менен маектешүү кылдык. Калыс Осмон мырза…
Турат Алыбаев
29 Jun, 16:23
Кудай буюрса App Store дон жакшы жаңылык келди.Эми Плей Маркеттин кабарын күтөбүз!
Турат Алыбаев
27 Jun, 17:38
Кечээ Плей Маркетке жөнөтүп алдык эле, бүгүн буюрса Апп Сторго дагы жөнөтүп алдык, эми ушул экөөнүн кабыл алышын эле күтүп отуруп калабыз.
Турат Алыбаев
26 Jun, 16:05edited
Плей Маркетке колдонмо чыгаруу деле биз үчүн, бир чыгарма жазып чыгып, аны басмадан чыгаргандай эле нерсе ай!Жаныбыз чыгып жатып, араң чыгарабыз го чиркин!Эми Плей Маркет жамаатынын кабыл алып, макулдук беришин гана күтүү калды
Турат Алыбаев
17 May, 03:41
🥳 Сериалыбыздын 3-жылын чыгарайын анда.👋🏻 Ассалоому алейкум, урматтуу окурманым, Ысык-Көл, Талас облустарына болгон саякатыбызды кыскача жазып калтырдым, эки кезек 3-жылга келип жетти. Биз 3-жылда Нарын облусуна саякат кылганбыз. Анда эмесе, Нарын облусуна болгон саякатыбызды жазып калтыра кетейин.✅ 3-жыл🔹 Бул жылы адам көп болгон жок, бирок ошентсе дагы, бир чакан маршрутка толуп алып, өзүбүздүн туулган аймакты көздөй айдадык. Негизи түштүк тарапка барат элек, бир аз кечигип калдык, анан барам дегендер дагы аз болуп калды, ошондуктан Нарын жергесин тандадык. Бишкектен чогулуп, жолго чыкты эртелеп, күн аябай ысып турган учур эле, шашып эле Балыкчыга жеттик, сууга түшүп, бир сергип алганга айрымдарыбыз жетишти, бирок убакыт бир аз кечтеп жаткандыктан, шашылык эле Кочкорду көздөй бет алдык.🔹 Кочкор аймагындагы Чоң-Туз шахтасына бардык, жайдын ысык күнүндө кайдан билдик,
Турат Алыбаев
15 May, 15:01

Турат Алыбаев
15 May, 15:01

Турат Алыбаев
15 May, 14:50
👋🏻 Ассалоому алейкум, урматтуу окурманым.🔹 Кечээ Ысык-Көлгө болгон сапарыбызды, жана эс алуубузду жаздым эле. Бүгүн болсо, 2-жылы Талас облусуна болгон сапарыбызды улантып жатам. Окуп, комментарий жазып, класстан басып коюңуздар.🥳 2-жыл Талас облусу✅ Экинчи жылы дагы бир маршрут адам болуп, топтолуп алып, Кыргыз рухунун, духунун борбору болгон, Манас атабыздын жери, далай атактуулар чыккан Талас облусуна сапар алдык. Ал жакта Беш-Таш мамлекеттик коругуна барып, телефон тартпаган, интернет тынчыңды албаган сонун жайлоодо конок болуп калдык.✅ Бирок ал жерде жөн жата бербей, күндүзү чыгып алып, Талас облусун кыдырып, айтылуу Айтматов атабыздын айылы Шекерге чейин барып, айылдын маданият үйүндө орун алган Айтматовдун жана айыл чыгаандарынын, Ашым Жакыпбеков атабыздын музейлери менен тааныштык. Сүрөткө түштүк, баарлаштык, чер жаздык, ойнодук. Кайтып келе жатып, Кара-Буура суу
Турат Алыбаев
14 May, 15:37
👋🏻 Ассалоому алейкум, амансыздарбы урматтуу окурмандарым!🔹 Биздин командабыз, окуучуларыбыз жана негизи эле каалоочулар менен биргеликте 4 жылдан бери, өлкөбүздүн бир облусуна барып саякаттап жана эс алганча АйТи тармагында тажрыйба алмашып келип жүрөбүз.🔹 Кечээ ошол мурунку сүрөттөрдөн бир топ сторис кылып чыгардым. Чынында сонун эсте каларлык окуялар, эсте каларлык иш-чаралар болуп өтүптүр. Бул постко дагы сүрөттөрдү жайгаштырып коем, шашпай ар бирин көрүп коюңуз.🥳 1-жыл✅18 адам болуп бир маршрутка толуп алып, Ысык-Көлгө жөнөдүк. Бишкектен чогулуп, түз эле Караколго келип жайгаштык. Караколдун жаңы ачылган “Сулайман” мейманканасынын дагы алгачкы коногу болуп, алар үчүн дагы сыйлуу конок болуп калдык. Бул күнү Караколду кыдырып, Зоопаркына бардык, Караколдун пляжына барып, бир аз сууга да түшүп алдык. Андан келе жатып, бир чакан балык фермага кайрылып конок болуп кайттык.
Турат Алыбаев
14 May, 15:35
Сонун макала жазып жатам, 4 серия болуп кетти, күнүгө бирден серия чыгат. Ушундай сүрөттөрү менен. Инстаграмга дагы чыгарам.
Турат Алыбаев
24 Apr, 16:02
Кимге канча керек, айта бериңиздер! 😉
Турат Алыбаев
20 Apr, 16:53
Буюрса дагы бир заказыбыз аягына чыгууда, кардарыбыз ыраазы болуп, өткөрүп алып жатат.Кардардын ыраазы болгону бизди ченемсиз кубандырат.
Турат Алыбаев
11 Apr, 05:52
КуймаКулак Аудио китеп угуу колдонмобуз жаңыланды.Көчүрүп ала электер көчүрүп алыңыздар, көчүрүп алгандар жаңылап коюңуздар.https://apps.apple.com/kg/app/kuimakulak/id6758726348 KuimaKulak Бул шилтеме Айфон колдонуучулар үчүн.https://play.google.com/store/apps/details?id=com.appitcompany.kuimakulak_mobile&pcampaignid=web_share А бул шилтеме Андроид колдонуучулар үчүн
Related Channels
Other channels in the same section of the catalogue.
